Menu

Камчыбек Ташиев менен Темир Сариев чайлашты

Бөлүшүү:

Өткөн аптанын башында “Ак шумкарчы” Темир Сариев “Ата журт” партиясынын лидери Камчыбек Ташиевди чайга чакырып, нейтралдуу жерден жолугушушту. Демилгени Темике тарап өздөрү көтөрсө, Камчыке да алардын ишаратына моюн толгобостон, үлкөндөр жылуу маанайда жолугушкан. Баарлашуу бир саатка жакын созулуп, ортодо саясат, Башмыйзам, алдыдагы шайлоолордо биригүү тууралуу далай-далай темалардан кеп учугу уланып, сөзүнүн аягында Сариев “бул сүйлөшүүбүз алдыдагы жолугушууларыбыздын башталышы болсун” деген “алтын шилекейлерин” агытуу менен аяктаган. Кайран Темике, түштүктө эбак күкүмдөлгөн кадырын Камчыке баштаган бычакка сап регионалист саясатчылар менен толуктагысы келип турган го?

Булак: “Азия Ньюс”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 2 = 3

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: