Menu

Азимбек Бекназаров: “Эл макулдугун берсе, Үңкүр-Тоодон ала допучандарды кууп түшүрөм!”

Бөлүшүү:

Маектешим бу жолу жини аябай келип, ачуулуу экен. Үңкүр-Тоо жөнүндө жана президенттин майрамдык трибунада сүйлөгөн сөзүнө бир “бурк” этип алды. “Өлкө башчысы катары Үңкүр-Тоону өзү көзөмөлгө салгандын ордуна башкаларды күнөөлөгөнгө өтүп алды” дейт Азике.

– Азимбек мырза, Үңкүр-Тоо чыр-чатагы тууралуу кыскача оюңузду уксак дедик эле…

– Өкүнүчтүү, эгемендүүлүктүн 25 жылдыгында Кыргызстанды биз коңшу өлкөлөргө бастыртып коюп, өзүбүз эгемендүүлүк күнүн белгилеп, өткөрүп атканыбыз кандай?! Өкүнүчтүү, күнөөнүн баарын башкаларга жүктөп, өөдүк-сөөдүк сүйлөп, президентин “Конституцияга өзгөртүү киргизем” дегени. Президенттен сурайм, колуңдан келбейби, мамлекеттин башкы командачысы катары юстициянын генерал-лейтенанты Бекназаровго уруксат бер. Үңкүр-Тоону 10 күндүн ичинде тазалайм. Эгер Атамбаев жакын арада уруксат бербесе, анда мен Кыргызстандын эли менен курултай өткөрүп, макулдугун сурап, Үңкүр-Тоодон ала допучандарды кууп түшүрөм! Башка жолубуз жок.

– Өзбекстандыктар “биздин жер” деп аткансып атпайбы…

– Бүгүн кыргыз-өзбек чек арасы күчүнө кире элек. Эч ким аны ратификация кылган жок. Муногу протоколдор баары жумушчу протолдор. Чек ара боюнча атайын дүйнөлүк конвенция бар. Ошо конвенцияга ылайык, эки мамлекеттин өкмөт башчылары кол коет. Аны президент ратификация кылуу үчүн Жогорку Кеңешке киргизет. Жогорку Кеңеш ратификация кылгандан кийин делимитация, демаркация иштери башталат. Ага чейин эч кимдин граница койгонго укугу жок.

– Сизди “Бекназаров каякты карап жүргөн” дегенине эмне дейсиз?

– А жерде менин кандай тиешем бар? 2006-жылы Бекназаров Башкы прокурор болгон эмес. 2005-жылы 2-3 ай Башпрокурор болуп иштегем. Эч кандай тиешем жок. “Референдум, Конституция” дебей, чек ара маселесин чечишпейби. Эмнеге Жогорку Кеңеш кезексиз сессия чакырбай отурат? Ошо жерде протоколдорду карап чыгып, эмнеге элдерге түшүндүрмө бербей атат? Кыргызстандын жерин ала допучандар басып алып атса, каяктагы референдум жөнүндө сөз кылышат? Бул жөнүндө мурун да айткан элем, азыр да бир кайталап коеюн. Президент тез арада Үңкүр-Тоо маселесине киришип, чечкиндүү кадамдарын жасасын!

– Эгемендик күнүнө арналган салтанатта, президент сүйлөп аткан учурда Роза Отунбаева публично эле кетип калды го?..

– Роза Отунбаева туура кылды. Ошо жерге кантип турат? Өзүнө кир жугузбай, күнөөнүн баарын башкага шылтап атат. Мени да чакырган эле. А мен барбай койгом. Мен билгем эмне сүйлөөрүн. Анын жанында кантип турасың?..

Сурат Жылкычиев

Булак: “Азия Ньюс”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 9 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: