Menu

АКШ менен Европа Киевдеги телеканалга кол салууну айыптады

Бөлүшүү:

Кошмо Штаттар менен Европа өлкөлөрүнүн бийликтери Киевдеги орусиячыл телеканалдын өрттөлүшүн айыпташты.

«Интер» телеканалынын штаб-квартирасындагы өрттөн улам анын беш кызматкери жаракат алган. «Биз «Интерге» өрт коюуну иликтөө боюнча аракеттерди колдойбуз жана анын кесепеттерине дыкаттык менен көз салып турабыз», — деп билдиришти америкалык элчиликтен.

Украина бийлиги өрткө байланыштуу алты шектүү киши кармалганын билдирди. Өрт имаратты көздөй түтүн чыгаруучу шашкалар ыргытылгандан кийин башталган.

ЕККУнун ММКлардын эркиндиги маселелери боюнча өкүлү Дунья Миятович «редакциялык саясат менен макул болбоо кандайдыр бир зомбулук аракеттерди актоонун себеби болбошу керектигин» билдирди.

Миятовичтин айтымында, украин күч органдарынын тез реакциясы жана өлкө президенти Петр Порошенко менен Украинанын журналисттер биримдигинин кол салууну айыптоосу аны тынчтандырып жатат. Бирок Киевдин башка расмий өкүлдөрү менен жергиликтүү топтору телеканалды Украинага лоялдуу эмес деп күнөөлөп, журналисттердин аргасыз ишин токтотушуна шыкакчы болушканын байкаган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 3 + 5 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: