Menu

«Вымпелкомдун» башкы директору Слободин отставкага кетти

Бөлүшүү:

VimpelCom Ltd. компаниясынын жетекчилиги «Вымпелкомдун» башкы директору Михаил Слободиндин отставкасын кабыл алганын билдирди. Чечим дароо күчүнө кирди. Солободин паракорчулукка тиешеси бар экендиги жөнүндө маалымат чыккандан кийин кызматтан кетти.

Буга чейин Москвада «Ренова» компаниясынын башкаруучу директору Евгения Ольховика жана «Т Плюс» компаниясынын башкы директору Борис Вайнзихер кармалганы кабарланган. Бул арада Тергөө комитети Слободинди Коми Республикасынын мурдагы бийлигин сатып алуу иши боюнча издөөгө алганын жарыялады.

Слободин болсо ММКларга учурда Францияда иш сапарда жүргөнүн маалымдады. Ал жума соңунда Орусияга келип, тергөөчүлөрдү кызыктырган бардык суроолорго жооп берерин кошумчалады.

Компаниянын жаңы директору Шелль Йонсен болот. Буга чейин ал негизги базарлар тармагын башкарчу. Йонсен ал кызматка 2016-жылдын августунда эле дайындалып, Орусия, Скандинавия, Борбордук жана Чыгыш Европа базарындагы иштер үчүн жоопту болчу.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 77 − 72 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: