Menu

Азиза Абдирасулова, укук коргоочу: “Өзүнүн жарандарын басынтып, журналистти сотко берген Атамбаевге позор!”

Бөлүшүү:

Мындай пикирин белгилүү укук коргоочу А. Абдирасулова бүгүн, Бишкек шаардык сотунда өтүп жаткан соттук отурумда айтты. “Президент ал өлкөнүн башчысы, улуттун атасы жана жарандардан адамдык сапаты бийик болуш керек эле. Ал, бизди энелер күнүндө далилсиз айыптап, бүткүл маалымат каражаттары аркылуу ушак таратты. Ошол себептүү, биз укук коргоочу Т.Исмаилова экөөбүз аны сотко берип, тараткан ушагын төгүндөсүн деп талап койдук. Президент өзү да журналист Дайырбек Орунбековду сотко берип, андан 2 млн сом доо талап кылып, журналист төлөй албаганына байланыштуу эми кылмыш ишин козготуп, каматканы жатат. Журналист Орунбеков Ош коогалаңы боюнча Убактылуу өкмөт мүчөлөрүн күнөөлү деп жазып, алар күнөөлүүлөрдү качырып жиберип, бүгүнкү күнгө чейин жоопко тартпай жатат деп жазган. Ош коогалаңына Убактылуу өкмөттүн жоопкерчилиги бар экенин көпчүлүк изилдөөлөрдүн жыйынтыгы айткан. Эми, Башмыйзамдын гаранты болгон президент сотторго таасир этип, чечимдер адилеттүү чыкпай жатат. Ал, өз өлкөсүндө өзүнө сын айткандардан өч алып жазалап жатат”,- дейт укук коргоочу Абдирасулова.

Булак: Кyrgyztoday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 9

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: