Menu

“Өнүгүү” фракциясы Конституцияга сунушталган түзөтүүлөрдү бир сыйра талкуудан өткөрдү

Бөлүшүү:

Бүгүн, 8-сентябрда “Өнүгүү-Прогресс” парламенттик фракциясынын жыйынында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин расмий сайтында 2016-жылдын 29-июнунда жарыяланган «Кыргыз Республикасынын Конституциясына өзгөртүү киргизүү жөнүндө» мыйзам долбоорун бир сыйра карап чыгышты. Бул тууралу парламенттин басма сөз кызматы билдирет.

Фракция лидери Бакыт Төрөбаев КР Конституциясынын 30дай беренесине түзөтүү сунушталып жаткандыгын маалымдап, анын ичинде фракция депутаттары тарабынан дагы сунуштар берилгендигин айтты. Ошондой эле Башмыйзамга киргизилип жаткан сунуштар ар бир адамга түшүнүктүү болушу үчүн ар бир беренеге токтолуп, дыкат талкуулап чыгуу максатында жыйынга алынып чыккандыгын кошумчалады.

Талкуунун жүрүшүндө фракция тарабынан балдарга жыныстык зордук-зомбулук кылгандарды өлүм жазасына тартуу жана Премьер-министр менен парламент спикери Президенттик кызматка талапкер боло албастыгын дагы тиешелүү беренеге сунушталып жатканы айтылды. Экинчи маселе боюнча негиздемеге ылайык, бул кызматта тургандар өз кызмат бийлиги менен бир топ жерлерге чейин таасир этет, андыктан, эгер талапкер болгусу келсе, кызматтарын таштоосу зарыл дешет фракция демилгечилери.

Ошону менен катар фракция депутаттары башка сунушталып жаткан түзөтүүлөргө дагы кенен токтолушту. Маселен, өлкөнүн премьер-министри менен 1-вице-премьер-министри болуп барган Жогорку Кеңеш депутаттарынын депутаттык ыйгарым укуктарын сактоо маселеси каралган. Мында фракция депутаттары бийлик бутактарынын бөлүнүү принциби бузулат же буга 1-вице-премьерди кошуунун зарылчылыгы жок деген сындуу ойлорун айтып чыгышты. Мындан сырткары, республикалык бюджет жөнүндө мыйзам кабыл алынып, Президентке кол коюуга барганда Премьер-министрге дагы бир ирет кайрылууга мүмкүнчүлүк берилгендиги дагы талкууну жаратты. Дагы бир талкууну жараткан жагдай – Премьер-министрге акимдерди шайлоо укугун берүү маселесине айыл өкмөт башчыларын шайлоону дагы Өкмөт башчысына берүү боюнча пикирлер айтылса, айрым депутаттар айыл өкмөттөрүн шайлоону азыркыдай эле эл шайлаган айылдык кеңеш депутаттарынын укугунда калтырууну туура дешти.

Ошону менен катар мамлекеттин эгемендигине доо кетирүүчү беренелерге өзгөртүү колдоого алып, өз мамлекетине кыянаттык менен мамиле кылгандардын жарандыгын алып салуу маселеси дагы талкууланды. Конституцияда белгиленген балдарды багып чоңойтуудагы ата-эненин милдетинде атанын жоопкерчилигин көтөрүү максатталган, нике аял менен эркектин гана ортосунда болушун так жазуу боюнча сунуштар дагы колдоого алынды.

Жыйынтыгында фракция лидери Бакыт Төрөбаев Конституцияга сунушталган түзөтүүлөрдү кароо бүгүнкү талкуу менен эле чектелбестигин, фракциянын деңгээлинде дагы бир топ талкуулар өткөрүлүп, анан жалпы фракциянын көз карашы такталып чыгышы керектигин баса белгиледи.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 60 − = 57

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: