Menu

Отунбаева жакшылыкты унутуп, Атамбаевди сатып кеткенин билбейсиңерби?

Бөлүшүү:

Акыркы убакта интернет айдыңында Роза Отунбаевага жан тарткан, кадыресе аны колдогон маалыматтар жана комменттер көбөйүп кетти. Ошол эле кезде Алмазбек Атамбаевди шыбамайлар чектен чыгып, коомчулук бир нерсени түшүнбөй аткандай. Бирок чындык акыры чыгат. Ачуу айтылган сөздүн түпкүрүндө кандай ыза, таарыныч жатканын эгемендүүлүк күнүндө эч ким аңдабаса керек. Жадагалса президенттин коргоочулары да маселени терең түшүнбөй калгандай…

Ханын сыйлабаган эл эч убакта жарыган эмес. Алмазбек Атамбаев бир жылдан кийин бийликтен кете турганын айтып келатат. Кызматтан кетип аткан адамды тепкиге алып, сындай бериш оңой. Бирок аяп коелу да. Эгер Конституцияны өзгөртүүдө жеке өзүнүн ыйгарым укуктары үчүн жанталашса, анда тепкиге алсак жарашмак. Ал мамлекеттин бекем болушуна камкордук көрүп, Башмыйзамыбызды оң жолго салып кетүү үчүн ашыгып атпайбы. Натыйжада, кылдан кыйкым издей берсек, Кудайга да жакпаса керек.

Негизи саясатты талдоо үчүн бүгүнкү күн менен гана ойлонуу жетишсиз. Сөзсүз артка кылчайып, кечээги көрүнүштөргө да токтоло кетпесек болбойт. Маселен, коомчулукта Роза Отунбаеванын 31-августта Атамбаевдин сын пикирине протест жасап, аянттан кетип калганы талкууланып бүтпөй койду. Ушул жерден урунттуу маселени козгобосок болбойт.

Эске салсак, 2007-жылы Отунбаева оппозицияда жүргөн болчу. Курманбек Бакиев мурда эле аны кызматтан кууп салган. Ошондо Атамбаев “Роза эже, келиңиз, КСДП менен шайлоого барыңыз” деп бир сом албастан депутат кылып койгон. Элестетип көргүлө, РИОнун электораты, же акчасы жок, болгону А.Шаршеновичтин ак көңүлдүгү менен эл өкүлү болуп, кийин фракция лидерине шайланганга жетишти. Болбосо, көчө оппозициясы болуп кыйкырып жүргөн жеринен Жогорку Кеңешке келип, жашоосу өзгөрмөк беле? Ал 2010-жылга чейин депутаттык ыйгарым укуктарын пайдаланып, ошого катар КСДП лидеринен моралдык-финансылык колдоолорун алып жүрдү. Анан 7-апрелден кийин кайрадан Атамбаевдин көтөрмөлөөсү менен Убактылуу өкмөттүн төрайымы болуп, бир жарым жыл өткөөл мезгилдин президенти катары иштеди. Тарыхый милдетти, жоопкерчиликти артындагы таянган тоосу болгон үчүн алган да…

Кийин экс-президент катары РИОго жакшы шарттар түзүлдү. Мамлекеттик 1-резиденцияда жашайт, пенсиясы 100 миң сомго чукул, кызматтык машинеси бар, айтор, жашоосу жыргал. Ушундай урмат-сый менен тынч эле президенттин саясатын колдоп, бир команда катары жүрө бербей, ортодон Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрүнө кошулуп, интригага аралашып, тымызын Атамбаевге ор казып, акыры коомчулукка ачык кат менен чыкты. Кайрылуусунда Конституциянын жаңы долбооруна каршы экенин, эскини сактап калуу идеясын жарыялоо менен авторитардык жолду эскертти. Кудайга шүгүр, бүгүн андай эмес да. Болгону Конституциянын алешемдиктерин, байкалбай жазылып калган “бомбаларды” тазалоо түйшүгү болуп атпайбы. Президент кетет, бир жыл калды, а биз эл үчүн иштеген мыйзамдуу талаага келели да! Туурабы?

Таңгаласың, Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү менен оюн кылбай, Роза Исаковна туура жолду тандап алса болбойт беле? Атамбаев менен биргеликте мамлекеттүүлүктү чыңдоодо акыл-кеңештерин кошсо, улуулук түз сөзүн айтса, элибиз да туура түшүнөт эле. Тилекке каршы, ал тескери кетип атса, анан ачууң келет да! Натыйжада, эмоция жаралат. Ооба, биз билбейбиз, Атамбаевди дагы кандай жагдайлар менен Отунбаева күйгүзүп кеткенин… Кыскасы, “обу жок катын орсок уй саайт” деп элибиз бекер айтпаптыр! Бекер айтпаптыр!

Акылбек Бекчороев

Булак: “Азия Ньюс”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 39 = 41

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: