Menu

Марс Сариев, серепчи: “Конституцияны өзгөртүү демилгеси бул өтө чоң катачылык. Эл муну колдобойт”

Бөлүшүү:

Белгилүү саясый серепчи учкай пикири менен бийликтин да, оппозициянын дагы жүзүн ачуу менен ой таштады. Албетте, “кебез менен мууздагандай” астейдил анализ жасап. Эмесе, окурмандын элегинен өтсүн…

 – Марс мырза, бийликтин Конституцияга өзгөртүү киргизүү демилгесине байланыштуу оппозиция ичинде жандануу, активдешүү байкала баштады. Алардын бул аракети канчалык натыйжалуу болот деп ойлойсуз?

– Оппозиция биригип, күзүндө кандайдыр бир акцияларды өткөрөбүз деп атышпайбы. Мына, Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюндары өттү, жакында КМШ өлкөлөрүнүн жетекчилеринин саммити болот, президенттер келип, Алмазбек Атамбаевди туулган күнү менен куттукташат. Өзбекстандын президенти Ислам Каримов көз жумганда өзбек эли кандай кейиди. Ушунун баары чоң бир пиар кампанияга окшошуп, оппозициянын пайдасына иштебейт. Анан калса, күз – токчулук, эгин бышып, мал семирген маал болот. Андыктан, оппозиция бириксе дагы анын аракеттери анчалык натыйжалуу болбойт. Элди көтөрүп, массанын нааразычылыгын пайдаланганга оппозициянын анчалык шансы жок. Бирок бийлик да Конституцияга өзгөртүү киргизүү боюнча демилгесин өткөрө албайт. Себеби, эл ичи тынч болсо дагы Башмыйзамга өзгөртүү киргизүүгө көп сындар айтылууда.

– Сиз өзүңүз оппозиция биригип, баш кошушу кыйын дебедиңизби. Анан эч кандай тоскоолдук болбосо, бийлик өз демилгесин кантип өткөрө албасын?

– Мен бириге албайт деп айткан жокмун. Оппозиция биригет, азыр эле Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү менен айрым саясатчылыр, бейөкмөт уюмдар баш кошуп атышат. Бирок алар элден канчалык колдоо табат – маселе ушунда. Мисалы, Өмүрбек Текебаев парламенттин ичинде төңкөрүш жасап, “башка коалиция түзө коелу” деп аракет кылып атпайбы, бул аракетинен эч майнап чыкпайт. Парламенттик оппозициянын күчү дагы аз, эл дагы колдобойт. Саясат боркулдап кайнап, оппозиция каршылык көрсөтө берет. Эл бул маселе боюнча аларды колдосо деле бийликке каршы чыкпайт. Бирок, эл Конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизүү демилгесин деле колдобойт го деп ойлойм. Анткени, оппозициянын ою, “Башмыйзамга киргизилген өзгөртүүлөр президенттик бийликти күчөтөт” деген сын-пикирлер элге таасир этет. Бийлик деле эл каршы экенин сезип, өз демилгесин кайра чакырып алат болуш керек.

– Саясат таануучу катары сиздин жеке пикириңиз кандай, Конституцияга өзгөртүү киргизүүнүн зарылчылыгы бар беле?

– Бул маселе боюнча менин позициям мындай: бир сөздү айткандан кийин аны карманыш керек. Ант беришип, Башмыйзамга өзгөртүү киргизүүгө мараторий киргизиштиби, ошону карманышы керек эле. Бул демилгени ант бергенден бир-эки жыл өткөндөн кийин, айталы, 2012-жылы көтөрүшсө бир жөн. Анан так президенттик шайлоонун алдында, шайлоого бир жыл калганда көтөрүлсө, ар кимде эле “а, бул жөн эмес го, бирдекеге камданып атышат” деген шек туулат да. Ошондуктан, бул туура эмес демилге. Бул демилге менен айлана-тегерегиндегилер президентти фактически подставлять этип коюшту. А балким президенттин өзүнүн демилгесидир… Андай болсо, бул өтө чоң катачылык.

Керим Мурас

Булак: “Азия Ньюс”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 33 − 28 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: