Эсил кайран СССР кыйрагандан кийин бийликке келген КМШ өлкөлөрүнүн президенттеринин көпчүлүгү президенттик кызматтан өз эркилери менен кеткилери жок. Алардын ичинен эң көп, 24 жыл президенттик тактыда олтурган Өзбекстандын президенти Ислам Каримовдун 3-сентябрда көзү өттү.
Эми көзү тирүүлөрдөн Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев 24 жылдык президенттик стажы менен 1-орунга чыкты. Андан кийин 2-орунга 21 жылдык стажы менен Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон, 3-орунга ошондой эле 21 жылдык стажы менен Александр Лукашенко, 4-орунга 16 жылдык стажы менен Владимир Путин, 5-орунга 12 жылдык стажы менен Илхам Алиев, 6-орунга 9 жылдык стажы менен Гурбангулы Бердымухамедов, 7-орунга 8 жылдык стажы Армениянын президенти Серж Саргсян, 8-орунга 5 жылдык стажы менен Алмаз Атамбаев, 9-орунга 4 жылдык стажы менен Молдованын президенти Николае Тимофти, 10-орунга 2 жылдык стажы менен Петр Порошенколор чыгышты.
Видео жана инфографика: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ