Бишкектеги КМШ саммити маалында коомдук тартипти 3 миңден ашык милиция кызматкери камсыздайт. Бул тууралуу ИИМден кабарлашты.
Делегация мүчөлөрү жүрчү каттамдар, алардын жашаган жерлери жана иш-чара өтчү жай күчөтүлгөн көзөмөлгө алынды. Өзгөчө маанилүү объектилерди кайтаруу боюнча кошумча чаралар иштелип чыкты.
ИИМ 15-сентябрдан 17-сентябрга чейин Бишкектин айрым көчөлөрүндө жана Чүй облусундагы «Манас» аба майданына барчу жолдо унаа кыймылдары чектелерин кошумчады.
КМШ саммити уюмга мүчө өлкөлөрдүн президенттеринин катышуусунда 16-17-сентябрда Бишкекте өтөт.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ