Menu

Кытай ишкери Тажикстанда бизнесин тарттырып жибергенин билдирүүдө

Бөлүшүү:

Тажикстандагы кытай инвестору анын Согди облусунун Гулистон шаарына жакын жердеги сурьма өндүрүү ишканасын рейдерлик жол менен тартып алгандыктарын билдирди. Айтымында, ишкананы курууга ал 1 миллион доллар акча жумшаган.

Жен Ху А аттуу кытай ишкери Тажикстанда сурьма өндүрүү ишканасына ээлик кылат. Ал мүлкүн «Азия-Тур» компаниясын жетектеген өнөктөшү Каромат Содикова менен банктын ортосунда иштелип чыккан план боюнча «тарттырып жибергенин» белгиледи. Айтымында, тажик ишкери жасалма документтердин негизинде анын ишканасын күрөөгө коюу менен банктан 1 миллион сомони өлчөмүндө насыя алып, аны төлөп берген эмес. Жыйынтыгында банк насыяны Жен Ху Адан талап кылууда.

Жабырлануучу ишкер эки жылдан бери банк жана Каромат Содикова менен соттошуп келе жатканын айтууда. «Дүйшөмбүнүн Экономикалык соту менен Жогорку экономикалык соттогу узакка созулган соттук териштирүүлөр менин мүлкүмдүн камакка алынышы менен аяктады. Кийинчерээк аны ондогон эсе арзан баада Каромат Содиковага сатып жиберишти», – деди ал.

Бирок Каромат Содикова кытай ишкеринин дооматтарын четке кагып, мында тескерисинче ал жабырлануучу экенин айтты. Соттук териштирүүлөр ишкананын ишинин токтоп, анын 130 жумушчусунун ишсиз калышына алып келген.

Булак:  “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 64 − 58 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: