Мурдагы “Ар-Намыс партиясынан депутат, азыркы КСДПчы Айнуру Алтыбаева өзү мыйзамчыл депутат болуп туруп кээде мыйзамдан ашыгыраак иш кылаарын укканда бир чети таң калып, бир чети таң берип кетебиз, эй. Тагыраагы, депутат айымдын кара чечекей кызы бир жылдан бери Жогорку Кеңештин аппаратында иштеп келгени белгилүү. Негизи мыйзам боюнча жакын туугандар бир мамлекеттик мекемеде иштөөсүнө тыюу салынган. Эми болсо партиясына таянып алганбы же мыйзамды урганы да жокпу, өз уулун да парламентке алып келип, болгондо да өзү мүчө болгон Коргонуу, коопсуздук жана эл аралык иштер комитетине адис катары орноштурууга чуркап жатыптыр. Мындайга кандай деп айтышты да билбейт экенсиң…
Булак: Фабула
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ