Menu

КР Улуттук илимдер академиясынын “Известия НАН КР” журналдары жарык көрдү

Бөлүшүү:

Кыргызстандын Улуттук илимдер академиясынын “Илим” маалыматтык басмасынан “Известия НАН КР” журналынын кезектеги сандары жарык көрдү. Бул тууралуу КР УИА маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди.

“Известия НАН КР” журналынын №2 саны машине таануу жана маалымат технологияга, машине таанууга, биология жана фитотехнологияга, геологияга, сейсмологияга, медицина жана тоолуу физиологияга, экологияга, экономикага, филологияга, тарых жана маданий мурастарга, укук маселелерине арналган.

Ал эми “Известия НАН КР” журналынын №3 санында КР илимине эмгек сиңирген ишмер, профессор, биология илимдеринин доктору П.А.Ганга арналган “ТООЛУУ ТОКОЙ ЭКОСИСТЕМАСЫН ТУРУКТУУ БАШКАРУУ” аталышындагы Эл аралык конференциянын материалдары жарыяланган.

Анда Кыргызстандагы токойлордун экологиялык абалы, бүгүнкү күнү жана келечеги, токой өстүрүүнүн заманбап технологиялары, бактардын зыянкечтери жана алар менен күрөшүүнүн ыкмалары, токойдо өсүүчү бак-дарактарынын түрлөрү жана алардын пайдасы, жаңгак токойлорду, чычырканак, арча өстүрүүдөгү, тоодогу токойлордун жер кыртышына таасири, шаарларды жашылдандырууда токой илиминин кошкон салымы жөнүндө маселелер илимий негизде талданган.

Маалымат үчүн:

Академиянын жарым кылымдан ашуун мезгилден бери чыгып келе жаткан “Улуттук илимдер академиясынын кабарлары” жана “Улуттук илимдер академиянын докладдары” аттуу журналдары илимий негизги жыйынтыктар жарыялана турган рецензиялануучу жогорку баллдуу илимий басылмалар болуп саналат. Кыргыз Республикасынын Жогорку аттестациялык комиссиясынын 2016-жылдын 28-апрелиндеги 4-4/30 токтомуна ылайык журналдарга жарыяланган макалалар 14 жана 15 баллдык макамга ээ болот. Жогорку аттестациялык комиссия мындай чечимди илимий диссертациялардын негизги илимий жыйынтыктары жарыялана турган Кыргызстандагы рецензиялануучу илимий басылмалардын Тизмесине өзгөртүү киргизүү жөнүндөгү сунушту карагандан кийин кабыл алды.

 

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 59 = 69

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: