Menu

Алтынбек Сулайманов да Текебаев тарапка оогону турабы?

Бөлүшүү:

Көчмөндөр оюндары аяктап, эми көпкөндөрдүн оюну башталганы турат. Биздин саясий чөйрөдөгү дымагы асманды чапчыган, жеке кызыкчылыктарын мамлекеттик көйгөйгө айлантып жибергенге усталар Конституцияны өзгөртүүгө каршы чыгымыш болуп, мамлекеттин стабилдүүлүгүнө терс таасирин тийгизчү иш-чараларды баштаганы турушат. Буларың Көчмөндөр оюндарына барышып, “көк бөрүчүлөрдүн” оюнун көрүп шыктанып алышканбы, эми Конституцияны “көк бөрүгө” айлантканы калышты. Биринчилерден болуп өзгөртүүлөрдү колдоп жүргөн Алтынбек Сулайманов ооп кеткени турат. Сыягы чычаңдай баштаганына караганда баш мыйзамды “көк бөрү” оюнундай көрүп, өзүн мыкты оюнчу сезип алса керек. Мындай секириги башына муш болуп, Текебаевдин саясий курмандыгына айланып калбас бекен…

Булак: Фабула 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 62 + = 63

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: