Menu

Дүйшөн Чотонов эски тилектештерине кошулбай, элчиликти үмүт кылууда

Бөлүшүү:

Башмыйзамдын өзгөрүшүнө Убактылуу өкмөттүн дээрлик басымдуу бөлүгү каршы чыгып жатса, бирин-экиндери эртеңки күндөрүн ойлоп, тымпыйып үн катпай дагы кандай болуп кетерин боолголой албай турушат. Топчуке аксакал Отунбаевага каршы эзелки кегин бетке кармаса, Темир Сариев кечээги ишинин жыйынтыгын күтүп, Абдыганы Эркебаев кресло бактысынан ажырагысы келбей тынч тирилик кылууну чечти. Мындай көчтү экс-«атамекенчи», мурдагы элчи Дүйшөн Чотонов да толуктап, ушул күндөрү парламенттик шайлоодогу Текебаевге карата эски кегин унутпай, Акүйдүн тилегине каршы чыкпай, мындай жүрүшү менен акырын чет өлкөдөгү элчиликтердин бирин алууга куштар болууда. Саммит, ага удаа ажобуздун 60 жылдык туулган күнү белгиленсе, Чотоновдун иши бир жаңсыл болору каңкууланды. Эмесе, жакынкы күндөрү Дүйшөкенин саясый багы жанса, мунусун референдумга каршы чыкпаганы катары кабылдап койсоңор болот.

Булак: Азия Ньюс

 

 

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 81 + = 82

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: