Menu

Окуучулар митингде, Сариева кайда?

Бөлүшүү:

Кыргызстанда элдер бүтүп, эми окуучулар митингге чыга баштады. Тагыраак айтканда, Сокулук районундагы №1-Фрунзе мектебинин окуучулары мурдагы деректир Бактыгүл Абдышүкүрованын кызматтан алынышын мыйзамсыз деп эсептешип митингге чыгышты. Көрсө, аталган деректир былтыркы жана быйылкы окуу жылында кыргыз тилдүү жаңы класстарды ача койгону айрым киргиздер менен орус улутундагыларга жакпай калып, ошол үчүн жазаланып жаткан тура. Бирок муну туура түшүнүп, керек болсо колдогондун ордуна билим берүү тармагындагы чечермандар деректирди пенсия курагына шылтоолоп туруп иштен айдап, ордуна орус айымды чекчейтип отургузуп коюшуптур. Ушундан улам, уйкуда жүргөн билим берүү министрибиз Эльвира Сариеванын ээрден түшүп, элден кабар алса деп жазып жаткандагыбыз. Эгер түшүнсө…

Булак: Фабула 

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 73 = 74

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: