Menu

“Асман+”: Түрк аба жолдору

Бөлүшүү:

 

Кыргызстандагы Түрк элчилигинин жардамы менен 2012-жылы Анталия шаарына барып, ушунчалык жылуу сезим менен кайткам. Андан кийин Осмон империясы тууралуу “Даӊазалуу доор” аттуу көркөм тасманы көргөндөн баштап Стамбул шаарына барып султандар жашаган сарайларды көрүп келүүнү ойлоп койгом. Менин жашоодогу урааным “Ой жеткен жерге кол жетет”. Чындыгында ушундай. Кудайга шүгүр, ойлогон ойлорум эртеби кечпи ишке ашып келе жатат. Мында да ушундай болду. Ойлогон оюм ишке ашып, ойдо жок жерден Түркияга чакыруу алдым. Азыр кандай керемет заман. Интернет бар, баардык иш бүтөт. Керектүү документтерди интернет менен жөнөтүп, электрондук билетти интернеттен алып белгиленген күнү аэропортко жөнөп калдым. Чындыгында кимдер барат канча адам барат маалыматым жок болчу.

Аэропортко келгенде билетим бизнес класс экенин угуп, жагымдуу сюрприз болду.

Бардык текшерүүдөн өткөндөн кийин , 5 адам баратканыбызды билдим. “Түрк аба жолдору” авиа компаниясы журналистерди чакырып жаткандыктан. “Акипресс” сайты, “Заноза кж” сайты, “Обьектив” гезити жана “Асман плюс” гезити ошондой эле Турция элчилигинин Басма сөз кеӊешчисинин жардамчы-котормочусу  Айзада Сарбагышева болуп жолго чыктык.

Стамбулга учуп келгенден кийин ал жерден Алматыдан келген делегация менен жолугуп тааныштык. Казакстандык кесиптештерибиз дагы беш киши экен. Алар бизден биринчи учуп келип бизди күтүп олтурушуптур. Автобус баарыбызды көп кабаттуу, заманбап заӊгыраган “Radisson Blu” мейманканасына жайгаштырды.

Босфор кызыгына саякат

Түштөн кийин программа боюнча  Босфор кызыгына саякат болчу. Белгиленген убакытта холго чогулдук. Көрсө, бизден башка 18 мамлекеттен келген жүзгө жакын кесиптештерибиз бар экен. Сыртта мамлекеттердин аттары жазылган автобустар күтүп туруптур. Дүйнө жүзүнүн ар тарабынан келген массалык маалымат кызматкерлери бир поромго түшүп Босфор кызыгын бир айланып саякат жасап келдик. Баары бири бири менен жакындан таанышып, ар ким өз мамлекетинин ырларын койдуруп ал тургай бийлеп да убакытты шаӊдуу өткөрдүк. Индус, казак, кытай, жапон кесиптештерден кем калбай биз дагы Омардын “Кыргызстаным” аттуу ырын койдуруп, атуулдук сезимибизди көрсөттүк. Сүрөткө түшүп,жакындан таанышып илгерки тааныштардай боло түштүк. Эртеси сапарыбыз “Түрк аба жолдору” авиа компаниясынын иши тууралуу таанышуу болчу.

 Учкучтарды даярдоо борбору

Эртеӊ мененки тамактан кийин  Turkish Airlines  деп аталган учкучтарды даярдоо борбору  менен таанышууга келдик. Көп кабаттуу имаратын ичинде кадимки учактардын түрлөрү коюлуп, учкучтар ушул жерден машыгып окушат экен.

Ошондой эле стюардессалар да учакта өздөрүн кандай алып жүрүш керек, кандай окуя болбосун корккондугун, тынчсыздандыруусун билгизбей жүргүнчүлөргө жардам берип. күлө карап турушу керек экендигин бизди коштоп жүргөн стюардесса күлкүлүү кылып айтып берди. Учкучтар, стюардессалар учак аварияга туш келип калган учурда кандай кылыш керек экендиги ушул жерден машыгуу менен үйрөнүшөт. Мисалы учактын жанында атайын жасалган бассейинде , чөгүп бара жаткан жүргүнчүлөргө жардам берип сүзгөндү үйрөнүшөт.  Окуу борборундагы Airbus 320  жана  Boeing 777 учагынын маеттерин мает деп айтууга деле болбойт. Себеби, бул макеттер кадимки учактардан эч айрымасы жок. Муну биз өз көзүбүз менен көрүп. ал тургай бир учактын кабинасына кирип кадимкидей “учуп” Стамбул шаарын айланып чыктык. Учкучтарды үйрөтүүчү бул макетте кадимкидей учактар кандай учса ошондой процесстердин баары компютер аркылуу болот экен. Мисалы туман, жамгыр, кар, чагылган болгондо, же жарык караӊгы кезде эмне кылыш керек баарын кадимкидей реалдуу көрүп сезип турат экенсиӊ. Ал тургай мейкиндиктеги чуӊкурларга түшүп кеткенде учак кандай калдаӊдап, титиреп калса ошондой болуп баарыбыз бир сыйра коркуп да алдык. Ошентип учкучтар отурган жерге биз да отуруп өзүбүздү учкуч сезип, реалдуу учакта учкандай сезимдерге чулганып, бир чети ушунчалык өнүккөндөрүнө ыраазы болуп сыртка чыктык.

Turkish Airlines/Do&Co

Кийинки сапарыбыз бардык учактарды тамак-аш менен камсыз кылган Turkish Airlines/Do&Co компанияга сапар алдык. Баарыбызды бутубуздан башыбызга чейин аппак кийим кийгизип, текшерүүдөн өткөрүп бир залга киргизип маалымат берип, аталган компания чыгарган ар кандай таттууларды, ширелерди  бергенден кийин тамак жасалган цехтерди кыдыртып көргөзүп чыгышты.

Учакта бара жаткандагы жүргүнчүлөргө берилүүчү тамак аштардын кандай жасалаарын, кандай идиштерге салынаарын, кандай сактааларын баарын көрүп чыктык. Баса, бул жерде бардык тамак аштын жасалганынан баштап учакка жеткиргенине чейин кол менен жасалат экен. Тамактары даамдуу жана жаӊы. Түрк ашканасынын даамдуу тамактарынан тышкары Европа тамактары да жасалат. Европа тамактары кайсы мамлекетке даярдалаарына карата тамактын түрлөрү өзгөрүп турат. Себеби бул Turkish airlines/Do&Co  компаниясы  Турция учактарын гана тамак аш менен камсыз кылбастан дүйнөнүн көп мамлекеттеринин башкача айтканда 60 ка жакын авикомпанияларынын  учактарын тамак аш менен камсыз кылат экен. Бул жерден чыгып , эми “Түрк аба жолдору” авиа компаниясынын председатели Илкер Айжы мырза менен жолугушууга жөнөдүк.

Илкер Айжы мырза менен жолугушуу

Илкер Айжы мырза авиа компаниянын иштери, жетишкендиктери, алдыдагы пландары тууралуу кызыктуу маек куруп чет өлкөдөн келген журналистердин ар биринин суроосуна жооп берип жатты.

“Түрк аба жолдору” авиа компаниясы дүйнөдөгү эӊ ири компаниялардын бири болуп саналат. Өткөн жылы Түрк аба жолдору эң көп өлкөгө учкан авиакомпания болуптур.
«Түрк аба жолдору” акыркы 12 жылда 109 өлкө, 268 шаар менен эң көп өлкөгө каттаган авиакомпания болуптур. Түрк аба жолдорунун 12 жылда 10 миллион жүргүнчүдөн 56 миллион жүргүнчүгө, 1,6 миллиард доллардык сатуудан 17 миллиард доллардык сатууга, 10 миң 500 кызматкерден 45 миң кызматкерге жеткенин белгилеп, учурда жүргүнчү саны боюнча Европадагы экинчи чоң фирма экенин билдик.
Ал эми  учактардын  саны 54төн 268ге жеткен Түрк аба жолдорунун 2020-жылга карата дагы  253 учагы  кошулаарын уктук. Аягында түрк ашканасынын даамдуу тамактарын татып, компаниянын ар бирибизге даярдалган белегин алуу менен бүгүнкү күндү аяктадык. Алдыда Стамбулдун тарыхий жерлери менен таанышуу күтүп турат.

 Уландысы кийинки санда

Лариса Асанбекова 

Булак: “Асман+”

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 8 + 2 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: