– Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин ректорунун биринчи орун басары Эрмек Ускеев иштен алынды. Маалыматтарга караганда ректор Чынара Адамкулова экөөнүн мамилеси келишпей, Эрмек Усекеев жигиттик кылып, ишин таштап баса бергени айтылууда. Эрмек Усекеев мурдагы ректор Искендер Исамидиновдун маалында да орун басар болуп иштеп, өзүн жакшы иштегени, уюштуруу жөндөмү менен көргөзө алгандыгын айтып, мугалимдер Эрмектин иштен алынганына нааразы болуп турушат. Эми анын ордуна ким келип Адамкулованын сөзүн сүйлөөрү азырынча белгисиз.
Булак: Фабула
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ