Menu

Алмаз Атамбаев Генпрокуратурага 2010-жылы сепаратисттердин лидери Кадыржан Батыровду чет өлкөгө качырууну ишке ашырууга Убактылуу өкмөттүн кызмат адамдарынын катыштыгын иликтөө боюнча ведомстволор аралык топ түзүүнү тапшырды

Бөлүшүү:

Издөөдө жүргөн сепаратисттердин лидери Кадыржан Батыровдун өтө оор кылмыштары үчүн жоопкерчиликтен качуу максатында 2010-жылы чек арадан мыйзамсыз өткөнү жана жагдайларды иликтөө боюнча 2016-жылы 14-сентябрда козгологон жазык иши, ошондой эле К. Батыровдун өлкө чегинен тоскоолсуз чыгып кетишин уюштурууга Убактылуу өкмөттүн мурдагы кызмат адамдарынын катышуу деӊгээли  тууралу УКМКдан түшкөн жаңы маалыматтар жөнүндө Башкы прокуратуранын маалыматын угуп,  Алмаз Атамбаев Башкы прокурор Индира Жолдубаевага абдан тыкыр иликтөө жүргүзүүнү камсыз кылууну тапшырды.

Буга байланыштуу Атамбаев тереӊ жана объективдүү иликтөө жүргүзүү үчүн прокуратура органдарынын алкагы менен чектелбестен, ведомстволор аралык тергөө тобун түзүүнү Башкы прокурорго сунуш кылды. «Бардык жагдайлардын элге жарыяланышын каалабаган күчтөр тарабынан катуу каршылыктар болорун түшүнөм. Бирок жарандар кандай гана болбосун накта чындыкты билүүгө тийиш», – деди Президент.

Ведомстволор аралык тергөө тобунун ишинин жыйынтыктары тууралу Башкы прокуратура  Президентти жана коомчулукту кабардар кылууга тийиш.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 56 = 61

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: