Menu

Тажикстанда вице-премьердин уулу катышкан аварияда эки адам мерт кетти

Бөлүшүү:

Дүйшөмбүдө 10-сентябрда Тажикстандын вице-премьеринин уулунун катышуусунда авария болду. Натыйжада эки адам мерт кетти. ИИМ окуяны иликтөөдө.

ИИМдин басма сөз кызматы авария кокустан болгонун, мындан улам бул фактыны атайын жасалган кылмыш катары баалоо туура эмес экенин билдирүүдө. Айдоочу өзү дагы жабыркаган, ал азыр ооруканада.

ИИМ өкүлү авариянын кесепетинен үч адам өлдү деген маалыматты четке какты. Жол кырсыгынан эки адам каза тапкан. “Тойота Кемри” автоунаасын башкарып бара жаткан вице-премьердин уулу оор жаракат алган.

“Азаттыктын” тажик кызматынын өз булагы маалымдагандай, аткаминердин уулу Фаромуз Саидов түн оогондон кийин көңүл ачуучу борбордон чыгып, унаасын катуу ылдамдыкта айдап бара жаткан. Анын көзү жарыкка чагылышып, бет маңдайын байкабай, жол куруучу автомобиль менен кагылышып кеткен.

Фаромуз Саидов Тажикстан вице-премьери Давлатали Саидовдун уулу. Анын атасы мурун жаштар иши боюнча комитеттин төрагасы, Тажикстандын Жапониядагы элчиси, ошондой эле Инвестиция жана мамлекеттик менчик комитетинин төрагасы болуп иштеген.

Өлкөдө чиновниктердин балдарынын катышуусундагы авариялар маал-маалы менен кайталанып турат.

Булак:  “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 43 + = 47

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: