Menu

Айтмамат Кадырбаев, Ош шаарынын мэри: “Сүйүн Өмүрзаков экөөбүз саясый дос эмес, акыреттик достордонбуз”

Бөлүшүү:

Курман айт күнү Оштогу борбордук аянтка намаз окууга келген калың элдин алдында Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев президент Атамбаевдин тилегине каршы чыгып жаткандарды Кудайга койду. Анын мындай пикири бүгүн коомчулукта кызуу талкууга алынып, түрдүү сындардын бутасына алынууда. Ордолуу Оштун кожоюну президент Атамбаевге карата эмнеге анча “эргип кеткенин” билүү үчүн коңгуроо кагып, баарлашып турган кербезибиз.

 – Айтмамат аке, кечээ Курман айт майрамында эл алдына чыгып, “президент Алмазбек Атамбаевди сындагандарды Кудай жазаласын” деп “балп” эттирдиңиз. Мунуңуз менен жаңылыш кадамга барып алган жоксузбу? Убагында Бишкектин экс-мэри болгон Нариман Түлеев андагы өлкө башчы Курманбек Бакиевге карата “Курманбек Салыевич менин атам” дей коюп, өмүр бою кутулбас куяга кабылган. Кудайдын улуу күнү айт намаз алдында саясаттан кеп козгоштун зарылчылыгы бар беле же президент сиздин коргооңузга зар болуп жатабы?

– Азыр маалымат булактарында талкууга алынып жаткан пикирлерди мен мусулман боордошторубуздун арасында болуп жаткан согуштук апааттарга жол бербей, мамлекетибиздин бүтүндүгү, элибиздин бейпилдиги үчүн баарыбыз бир бүтүмгө келип, мамлекет башчыбыздын саясатын колдоого чакырык иретинде айткам. Айт намазда элди биримдикке, ынтымакка үндөө менин атуулдук парзым. Ириде мамлекеттик идеологиянын пайдубалын түптөп, кышын кынап, чебин бекемдөөдө интеллигенциянын, анын ичинде журналисттердин ролу чоң. Андыктан, ал чакырыкты саясатташтырбасак. Азыркы ааламдашуу алкагында Исламга жамынган түрдүү диний агымдарга азгырылбоо керектигин азыр да айтам. Башмыйзамга өзгөртүү киргизүү же өзгөртпөө боюнча коомчулук арасында талкуулар жүрүп жатат. Космостук ылдамдык менен жүрүп жаткан мезгил агымы күн санап өзгөрүүлөрдү шарттоодо. Бул өңүттөн караганда, мамлекетибиздин, элибиздин кызыкчылыгын коргогон өзгөрүүлөр, жаңылануулар албетте колдоого татыктуу.

– Соңку күндөрү маалымат каражаттары аркылуу сиздин ишиңиздеги кемчиликтер байма-бай сынга алынууда. Бул жагына кандай жооп бересиз?

– Жаңылбасам, кара пиар да эң жакшы пиар деп сиздер, журналисттер айтып жүрбөйсүздөрбү. Шаар башчысы катары мен саясый оюндарга анчейин маани бербейм. Сиз айткан байма-бай сындар саясый өң-түс берилген сындар. Ал эми шаар жана шаар тургундарынын жашоосуна байланышкан аткаруу иштеринде адилеттүү сындар айтылса, аны жоюу багытында ыкчам аракеттенем. Кудайга шүгүр, бул багытта азырынча андай сындар айтыла элек. Ош шаарын өнүктүрүү багытында алып барып жаткан иш-аракеттерибиз арбын.

– Досуңуз, генерал-майор Сүйүн Өмүрзаков Оштон борборго которулуп кеткенден бери шаарда коомдук коопсуздук жагы кантип жатат? Дегеле генералдын оштук туугандар арасында кадыр-баркы канчалык?

– Ош шаарынын коомдук коопсуздук абалы тиешелүү күч органдарынын тыкыр көзөмөлүндө турат. Сүйүн Өмүрзаков менен силер ойлогондой “саясый достордон” эмеспиз. Биз бири-бирибизди акыреттик достордон деп билебиз. Эч бир саясый кызыкчылыктар же баалуулуктар биздин достук мамилебизге таасирин тийгизе албайт. Түндүк, түштүк, оштук, чүйлүк деп бөлүп кароодон биз, Калыгул иним, сен экөөбүз, жалпы эле кыргыз эли жогору турушубуз керек деп ойлойм. Биз бир эл, бир журтпуз. Андыктан, Сүйүн Өмүрзаковдун кадыр-баркы жалпы кыргыз элине бирдей. Генерал-майордук чин мамлекет тарабынан жөн жеринен берилбейт. Эң башкысы, нарк-насилди билген адамгерчилик сапаты менен кыргыз элинин алкоосуна алынып келет.

– Бийлик менен оппозицияны жаатташтырып, ага катар элди да тажаткан Башмыйзам деген “балээ” кызуу талкуу болуп жатпайбы. Эгер күздө референдум өтсө Конституциянын өзгөрүшүн шаар эли колдойбу? Басымдуу көпчүлүгүн оштук туугандар түзгөн “Улуттар биримдиги” Башмыйзамдын өзгөрүлүшүнө каршы экен. Мындай шартта Мырзакматовдун тарапташтары колдобой коет го ээ?

– “Улуттар биримдиги” партиясы Ошто калың элдин колдоосуна ээ болсо, анда шаардык кеңеште жок дегенде бир мандатка ээ болмок да. Демек, шайлоочулардын ишенимине ээ боло албаган партия референдумдун өтүүсүнө канчалык деңгээлде таасирин бере аларын өзүңүз талдай бериңиз.

Калыгул БЕЙШЕКЕЕВ

Булак: “Азия Ньюс”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 9 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: