Казакстан журналисттер бирикмесинин төрагасы Сейтказы Матаевдин адвокаты сот жыйынын токтотуп, Матаевдин бейтапканага кайрылуусуна уруксат берүү өтүнүчү менен сотко кайрылды. Бул тууралуу жергиликтүү ММКлар жазышты.
Жума күнкү сот жыйынын кийинкиге жылдыруу жана жакынкы бир канча күн ичинде дарыланып алууга мүмкүндүк берүү өтүнүчү менен сотко Сейтказы Матаевдин өзү да кайрылган. Ал муну кайрадан тез жардам менен ооруканага жеткирилишин каалабай турганы менен түшүндүрдү.
Сот жараяны башталгандан бери Сейтказы Матаевди кеминде үч жолу тез жардам менен ооруканага алып барышкан. Анын кан басымынын көтөрүлүп кеткенине байланыштуу сот 15-сентябрда анын бейтапканага барып келүүсүнө уруксат бергендиги кабарланган.
Сейтказы Матаев менен уулу Асеттин үстүнөн соттук жараян 23-августта башталган. Алар мамлекеттик каражатты кымырып алган деген шек менен февралда кармалып, Алматыда, андан соң Астанада үй камагында болушкан. Экөө тең айыптоолорду четке кагышууда.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ