Menu

Жаныш Рүстенбеков, Кыргыз Республикасынын Түркмөнстандагы атайын жана толук ыйгарым укуктуу элчиси: “Келерки президенттикке Сапар Исаков татыктуу”

Бөлүшүү:

Кайсы доор болбосун тагдырдын эрке баласы болгон бу инсан учурда 67 жаштын чайын ичүүдө. Аким, губернатор, президенттик администрациянын жетекчиси, мамлекеттик катчы, эки ирет парламент депутаты, эки ирет элчи, токой чарба жетекчиси, министр, деги койчу, ар дайым адам башын айланткан карьералык жүрүш жасап таңгалдырган аксакал менен аткарган кызматы, ички, тышкы саясаттан кеп козгоп, сөзгө тарттык. Эмесе, биздин кепке калыс болуңуз окурман…    

– Жаныш мырза, эки жыл мурун Мирослав Ниязов экөөңөр чет элге элчилик кызматка чогуу узап жатканыңарда коомчулук, айрыкча саясатчылар “бул эки аксакал карыганда элчиликке барып эмнени кыйратышмак эле” деп сындап чыгышканы бар. Ошол эки жыл ичинде Кыргызстан үчүн көзгө толумдуу бир иш жасай алдыңызбы? Же карыганда ал жактан ден соолук чыңдап, курсак сылап жатканыңызга курсант болуп жатасызбы?  

– Туура, биз элчиликке аттанып жатканда сен атагандай сындарды карапайым эл эмес, ошол эле саясатчылар айтып чыгышты да. Андыктан эл деле кимдин ким экенин билет. Ал эми саясаттагы “тыңчыкма” биздин оппоненттерге азыр кимдир бирөөнүн басып өткөн жолу, иш тажрыйбасы, билимине карабай эле сындай бериш мода болгону жалганбы? Мына сенин астыңда эле бир бейтааныш аял алдыман чыгып, капысынан эле “Жаныш Султанкулович, биз Оштогулар сизди дайым эстейбиз, бизге губернатор катары жакшы иштеп кеткенсиз” деп калды. Мен да ага тамаша тооруй “силер Амангелди Муралиевди көрсөңөр аны, Темирбек Акматалиевди көрсөңөр ага, Накен Касиевди көрсөңөр буга деле биз сизди эстейбиз деп көңүл улап айта бересиңер да ээ?” деп тамашаласам, “жо-ок, Жаныш мырза, сиз элге андагы жетекчи катары жакшы пикир жаратып кеттиңиз” дейт. Дегеним, азыр элдин пикири бир кылка жаман деш болбойт. Жаман пикирди саясатчылар гана жаратып жатышпайбы?

Түркмөнстанга биздин өлкөнүн атынан элчиликке барганыма эки жыл болуп баратат. Кыргызстан эгемендүүлүктү алган 25 жыл ичинде Түркмөнстан менен Кыргызстандын ортосунда бир дагы тыңгылыктуу эки тараптуу алака түзүлбөптүр. Кызматка барар алдында президенттик аппараттын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Сапар Исаков менден “байке, эки тараптуу алаканы жандандырып, Түркмөнстанга же биз же алар бизге келсе, мамилелерибизди чыңдасак жакшы болот эле, ушул жаатта тынымсыз иштеңиз” деген тапшырма берип, суранганы бар. Мен кызматка киришерим менен дароо Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедовдун жеке өзү менен эки тараптуу алаканы чыңдоо багытында сүйлөшүп, келечек пландар тууралуу жакшы ойдо баарлаштык. Ал сүйлөшүүбүздөн соң Түркмөнстандын президенти мага “Алмазбек Шаршенович бизге келип кетсе жакшы болот эле” деген сунушун айтып калды. Ошондон кийин президентибиз Алмазбек Атамбаев Түркмөнстанга иш сапары менен барып, бир эле жолугушууда эки тараптуу кызматташтыкты арттыруу багытында 30дан ашык келишимдерге кол коюлду. Түркмөнстан менен биздин өлкөнүн ортосунда эки жолу өкмөттөр аралык комиссия өткөрүлдү. Кыскасы, мен бул кызматта турганда Алмазбек Шаршенович эки жолу Түркмөнстанга атайын иш сапар менен барса, Гурбангулы Бердымухамедов баштаган делегация биздин өлкөгө бир ирет атайын иш сапар менен келип кетти. Өкмөт башчылардын, министрлердин, депутаттардын деңгээлинде 2-3 жолудан жолугушуулар болуп өттү. Эң башкысы бул аралыкта Түркмөнстандын Кыргызстандагы элчилиги ачылды. Мына, биздин эки жылдык ишибиздин жыйынтыгы. Анан мага карай чындыкка дал келбеген ар кандай кептерди агытып, коңулга жатып алып автоматтан “ок бүрккүсү” келгендердин алдына ушундай иштерди да жайып коюшубуз керек. А калганын эл, тарых өзү эле таразалап коет.

– Түркмөнстандын президенти бизде өткөн Көчмөндөр оюндарына катышары күтүлүп жатып, оюн башталганы калганда келбей калды. Себебин биле алдыңызбы? Же Алмазбек Атамбаевдин эгемендүүлүктүн 25 жылдыгында экс-президент Роза Отунбаеваны баш кылып тилдеген катуу маанайдагы билдирүүсүнөн кийин чочуладыбы? Баса, Ысык-Көлгө беш жылдыздуу ири мейманкана салууга Түркмөнстан куштар болуп жатпады беле, ал иштер качан соңуна чыгат?

– Албетте, Түркмөн башчынын Көчмөндөр оюнуна келери күтүлүп эле жаткан. Түркмөн башчынын Кыргызстанда өтчү шаң-салтанатка келери тууралуу Түркмөнстандын тышкы иштер министри мага официалдуу билдирүү да жөнөткөн. Бул боюнча даярдыктар да соңуна чыгып, биз бул жактан ал кишини жайгаштыруунун үстүндө иш жүргүзүп жатканбыз. Дүйнө элинин ичинен деле Көчмөндөр оюндарына түркмөн туугандар менен кыргыздар гана катуу киришет. Анан эле Өзбекстанда Ислам Абдуганиевич дүйнөдөн мезгилсиз өтүп кетип, Көчмөндөр оюну башталар күнү жаназасы окулуп, жерге берилип калбадыбы? Гурбангулы мырза мусулманчылыктагы шартты айтып, таажыядан соң тойго барганды туура көрбөй, Өзбекстандан соң кайра эле Түркмөнстанга сапар алды. А негизи ал киши Көчмөндөр оюндарына келип, кыргыз туугандарды колдоого абдан дилгирлигин билдирип жаткан. Бирок, өзү келе албаса дагы жеке өзүнө таандык күлүк аттарын, түркмөндөрдүн өнөр адамдарын жөнөттү. Ал эми мейманкананы салуу тууралуу биздин өкмөт бул боюнча маселени чече албай жүрүп, акыры Алмазбек Шаршеновичтин катуу тапшырмасы менен бир ай мурун гана чечкенге жарашты. Кудай буюрса, Түркмөнстан касиеттүү Көл жээгине беш жылдыздуу ири мейманкана салганы турат. 3-сентябрдагы Көчмөндөр оюнунун ачылышын утурлай Гурбангулы Бердымухамедов да аталган мейманкананын курулушун официалдуу баштап, капсуласын салып кетмек. Шарт-жагдай ушундай болуп, келе албай калды.

– Көчмөндөр оюну демекчи, андай ири саамалыкты өткөрүүнүн башында өлкөбүздүн тышкы саясатын тейлеген Сапар Исаков өзү турду. Оюндарды координациялоодогу Сапар Исаковдун уюштуруучулук жөндөмүнө кандай баа бердиңиз? Бир курдай чет элдик делегация өкүлдөрүнө Алмазбек Шаршенович өзү бул жигитти “менин оң колум” деп тааныштырганы бар. Эгер Атамбаев Сапар Исаковду мураскерликке калтырса, өлкөнүн жүгүн тартып кеткенге жарайбы? Анан калса Аксарайда Сапар мырзанын мураскерликке шансы барлыгын хан ордодогулар өздөрү кеп кылышат экен…

– А эмне үчүн Сапар президенттикке жарабайт? Эң сонун жарайт. Соңку беш жылдан бери президент Атамбаевдин ишенимине кирип, тышкы саясат жаатын тейлеп жүрөт. Тышкы саясат бүгүн президенттин колунда. Ал эми тышкы саясатка бүгүн Сапар Исаков кураторлук кылат. Тышкы саясаттагы алдыга жылыштар менен күчтүү кадрларды өстүрүүдө Сапар Исаковдун ролу абдан чоң. Муну танбашыбыз керек. Арканды алыска ыргытып, келечекке карай чуркай ала турган жетекчи гана күчтүү кадрлардын өсүп чыгышына зор жардамын тийгизет. Жаш жигитти өтө эле көкөлөтүп мактагандык эмес, сөздүн түз маанисинде Сапар бүгүн абдан билимдүү, жаштыгына карабай тышкы саясат жаатынан абдан чоң тажрыйба топтогон, туура чечим кабыл алган, эл аралык коомчулукка таанылган салмактуу инсанга айланды. Бир эле мисал, кыргыз элине керектүү Көчмөндөр оюндарын уюштурууда Сапар Исаков эл аралык деңгээлде абдан чоң тажрыйба күткөнүн далилдеди да, туурабы? Кудай буюрса, Сапардын Кыргызстандын келечектеги күчтүү жетекчилеринин бирине айланарынан шегим жок.

– Эгемендүүлүктүн 25 жылдык салтанатында Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрүнө карата президент Алмазбек Атамбаевдин олуттуу пикирин Өмүрбек Текебаев баш болуп “Атамбаев Кыргызстанды дүйнөгө уят кылды” деп сыпаттады. Сиз эки өлкөгө элчи болгон дипломат катары айтсаңыз, чын эле президент Кыргызстанды эл аралык коомчулукка уят кылдыбы? Президенттин пикирин түркмөн туугандар кандай кабылдашты?

– Алмазбек Шаршенович Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрүнө карата абдан туура пикирин айтты. Сыртта эгемендүүлүктүн 25 жылдыгы белгиленгени жатса, бир кездеги үзөңгүлөштөрү саясый оюн кылып, билдирүү менен чыгып жатышканы кандай? Билдирүүнү кое туруп, адеп президентке кирип сүйлөшүп, кеңешип чыгышса болот беле? Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү “кырчаңгыланып” өздөрү тийишсе, президент да аларга карата ачууланган маанайдагы жообун билдирди. Качанкыга чейин биз “айткандын оозу жаман” дегенден арылбашыбыз керек? 7-апрелде аянтта кыргыздын жигиттери окко учуп жатса, мамлекетти талап-тоноп, ячейкаларга кол салышып, тамекиге акча сурагандар “Жип” алганга каяктан жетишип калышты? Ошол эле кезде Башмыйзамды да шашкалактап кабыл алганга жанталашпай, таразалап, элдин пикирин угуп, анан чечим кабыл алуулары керек. Чындап келсе карапайым элге азыр Башмыйзамдын өзгөрүшү деле кереги жок. Карапайым эл эмес, чиновниктерибиз деле Башмыйзамды окушкан эмес. Мындай шартта шашылыштын кереги жок.

– Сиз убагында Биринчи май районунда аким кезиңизде А.Атамбаев менен иштешкен турбайсызбы. Ал киши ошондо деле ачуусу келгенде азыркыдай эмоция менен “төгүлүп” жиберчү беле?

– Эми анда заман башка эле да. Алмазбек Шаршенович экөөбүз иштешип жүргөндө азыркыдай демократия деген жок болчу. Азыркыдай эл алдына эмоция менен сүйлөп жибергенге мүмкүнчүлүк болбойт эле (күлүп).

– Эгемендүүлүктү алган 25 жылда кайсы президент, кайсы доор болбосун кызматсыз калбаган чиновниктердин №1 тизмесинде экенсиз. Албетте, кызматтык бактыңызга көз тийбесин, бирок жумушсуз калбай, ким болбосун сүйлөшүп, кресло кумарынан ажырабаган “фокус-мокустарыңыздын” сыры эмнеде? Же тилиңизде мөөр барбы?

– Сен атаган жылдары мен бир дагы президентке барып жумуш сураган адам эмесмин. Убагында Москвадагы жогорку энергетикалык институтту бүткөм. Айтылуу ишбилги, кашкөй инсан Турдакун Усубалиевичтин доорунда дагы андан кызмат сурап барган жан эмесмин. Билимимди, бийик тажрыйбамды сыйлашып, кызмат сунуштап жатышса, эл үчүн, мамлекетибиз үчүн иштеп бергенге эмнеге болбосун?

– Элчиликке кеткенге чейин Оштон багы жанган Мелис Мырзакматовдун партиясынын штабын башкарып жүрбөдүңүзбү. Анан эле элчиликке баса бердиңиз. Муну менен Мырзакматовду сатып кеткендей образ жараткан жоксузбу? Азыр Мелис Мырзакматов менен байланышып турасызбы?

– Мен бул жигитти билчү эмесмин. Мурда-кийин көргөн дагы эмесмин дегендей… 2011-жылдары болсо керек, ал өзү жолугалы дегенинен жолугуп, ой-пикирин угуп, сүйлөшкөнбүз. Сөз арасында ал партиясы бар экенин, өлкөбүздүн түндүк аймагы боюнча жардам берүүсүн өтүнүп, сунуштап калды. Макулдугумду берип, иштеше баштадык. Бирок иш баштарда биз президентке, өкмөткө, парламентке дайыны жок эле асыла бербөө боюнча сүйлөшкөнбүз. Бул боюнча өзүнө дагы өкмөт курамындагы мэр экенин айтып, эскерткенбиз. Башкы максатыбыз – жергиликтүү жана Жогорку Кеңешке болгон шайлоолорго даярдык көрүү эле. Бирок ага жеткирбей эле түштүктүк туугандарыбыз Мелис Мырзакматовду “сен арстансың, жолборссуң, кабылансың” деп коюшса, инибиз да ошого өрөпкүп, акырында жолдон чыгарып коюшту да. Башында сүйлөшкөндөй, саясый кеңештеги биз менен кеңешип, сүйлөшпөстөн Ошто жатып алып “Өнүгүү” партиясын өзүнө кошуп алды. А анысынын жыйынтыгы кандай болду? Анын бир саясый күчтө турган соң сүйлөшүлүп, кеңешилген иш болбосо, көз карашың дал келишпеген жерде кармалып тура бериш керекпи анан? Келечекте элдин тагдырын чеччү партлидер “жеке бригадирдей” болуп саясат жүргүзбөшү керек да, туурабы?

– Сиз Чүйдүн Ысык-Ата районунан турбайсызбы. Азыркы президентке жакын Ысык-Ата кланынан чыккан Фарид Ниязов, Туйгунаалы Абдраимов, Тургунбек Кулмурзаев баштаган инсандар менен кандай мамиледесиз?

– Андай деле ысык мамиле жок. Эч кимиси менен ынак эмесмин. Жолугуша калганда байкелеп салам берип, учурашып калышат. Саламдашып, амандашып койгондон башка ысыктыгыбыз деле жок. Чүйлүктөр өзү ушундай калк келебиз да.

Калыгул БЕЙШЕКЕЕВ      

Булак: “Азия Ньюс”         

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 48 + = 55

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: