Menu

Баңги каражаттары менен кармалгандар соттолушту

Бөлүшүү:

2016-жылдын 13-февраль күнү айыпталуучулар А.Бегматов жана К.Шералиев, Ош областынын Өзгөн районундагы автоунаа жүрүүчү «Өзгөн-Жалал-Абад» ашуу жолунда, автоунаада Ош шаарын көздөй келе жаткан жеринен, Ош шаардык ИИБнын кызматкерлери тарабынан көрүлгөн ыкчам иш-чаралардын негизинде саат 15.30 чамасында кармалышып, К.Шералиевке калыстардын катышуусунда тинтүү жүргүзүшкөн кезде, анын он колунан көк түстөгү целлофан алынган, ал целлофандын ичинде 1 кг. 260 грамм салмактагы гашиш баңги каражаты  табылып алынган.

Ошол эле күнү кечки саат 20:30 чамасында Ош шаардык ИИБнын кызматтык кабинетинде, өзгөчө ири өлчөмдөгү банги каражатын сатып өткөрүү боюнча шектенилип кармалган Бегматов А.га өздүк тинтүү жүргүзүлгөн учурда, анын кийип турган шымынын арткы он каптал чөнтөгүнөн 11,2 грамм салмактагы гашиш баңги каражаты табылып алынган.

Алынган баңги заттарына соттук-химиялык экспертиза дайындалып, 2016-жылдын 14-февралындагы соттук-химиялык экспертизасынын корутундусуна ылайык 1 килограмм 260 грамм жана 11,2 грамм салмактагы заттар, «гашиш» баңги каражаты экендиги аныкталган.

Бегматов А. Т. Жалал-Абад областынын тургуну, билими жогорку, үй-бүлөлүү, эч жерде иштебейт, мурда: 2014-жылы 23-сентябрь Жалал-Абад шаардык соту тарабынан Кыргыз Республикасынын КЖКнын 281-ст. 3-б. менен 8 (сегиз) жылга эркиндигинен ажыратылып, 2016-жылы 3-февралында 3 жыл 11 ай 3 күнгө мөөнөтүнөн мурда шарттуу түрдө бошотулган. Кыргыз Республикасынын КЖКнын 247-ст. (ири өлчөмдөгү баңги каражаттарын ташуу, сактоо) менен айыпталган.

Шералиев К. У. Жалал-Абад областынын тургуну, билими орто, бойдок, эч жерде иштебейт, мурда 3 жолу: Кыргыз Республикасынын КЖКнын 97-ст. 2-б. 3,6,10-п.п., 246-ст.4-б. менен соттолгон жана Баткен областындагы Кызыл-Кыя шаарындагы Кыргыз Республикасынын ЖАМК №-43 жатак-абак мекемесинде жаза өтөп жаткан. Жаза өтөө мөөнөтү аякташы 2020-жылдын 3-апрелине белгиленип өтөлө элек жаза мөөнөтү 4 жыл 1 ай 15 күндү түзөт. Кыргыз Республикасынын КЖКнын 247-ст. 2-б. 1,4-п., 3-б. 4-п. (мурда кылмыш кылган адам тарабынан өзгөчө ири өлчөмдөгү баңги каражаттарын ташуу, сактоо) менен айыпталган.

Ош шаардык сотунун 2016-жылдын 7-июльдагы  өкүмү менен:

Бегматов А. Т. Кыргыз Республикасынын КЖКнын 247- ст. 3-б.4-п. 247-ст. 2-б. 2-п. менен күнөөлү деп табылып, мүлкүн конфискациялоо менен 14 (он төрт) жылга эркиндигинен ажыратылган.

Кыргыз Республикасынын КЖКнын 60-ст. 1-б. ылайык, акыркы өкүм боюнча белгиленген жазага мурдагы жазанын өтөлө элек бөлүгү, 3 жыл 11 ай 3 күн мөөнөтү жарым-жартылай кошулуп биротоло, Бегматов А. 16 (он алты) жылга эркиндигинен ажыратылып, жазасын катуу тартиптеги түзөтүү абактарында өтөөсү көрсөтүлгөн.

Шералиев К. У. Кыргыз Республикасынын КЖКнын 247- ст. З-б. 4-п. менен күнөөлү деп табылып, 14 (он төрт) жылга эркиндигинен ажыратуу менен, мүлкү конфискацияланган.

Кыргыз Республикасынын КЖКнын 60-ст. 1-б. ылайык, мурдагы жазанын өтөлө элек бөлүгү, 4 жыл 1 ай 20 күн мөөнөтү жарым-жартылай кошулуп биротоло, Шералиев К. 16 (он алты) жылга эркиндигинен ажыратылып, жазасын катуу тартиптеги түзөтүү абактарында өтөөсү көрсөтүлгөн.

2016-жылдын 6-сентябрында жогоруда аталган иш Ош областтык сотунун жазык иштери жана административдик укук бузуулар жөнүндөгү иштери боюнча соттук коллегиясында каралып, Ош шаардык сотунун 2016-жылдын 15-августундагы А.Бегматов жана К.Шералиев жөнүндөгү өкүмүн өзгөртүүсүз калтырды. Бул тууралуу Ош областтык сотунун басма сөз кызматы билдирди.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 88 − = 81

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: