Menu

Дайырбек Орунбеков, журналист: “Мени ОБСЕ колдойт”

Бөлүшүү:

– Дайыр, Алмазбек Шаршенович менен соттошууга себепчи болгон маселени коомчулук билет. Кадыржан Батыровдун Кыргызстандан качышына президент күнөөлүү эмес, көрсө, Убактылуу өкмөт кылгылыкты кылып, кыл жип менен бууганбы? Демек, компромисске баарууну ойлонсо болобу?  

– 2016-жылдын 31-августунда Атамбаев “Ала-Тоо” аянтында мурдагы командасын (УӨ) жамандап жатып, «Кадыржан Батыровду качыргандар ачыкка чыгат, мародерлор камалат” деп айтты. Демек, кылмышкер Кадыржан Батыровду ким качырганын ал билет турбайбы, эмнеге жашырып жүргөн? Убактылуу өкмөт өз ара бири-биринин абийирин ачып жатып, чындыкты, күнөөлөрүн өздөрү айтып башташты. Мен эл айткан маалыматты колдонуп, Башмыйзамдагы жазылган атуулдук укуктарымдын негизинде айткан пикирим үчүн соттолуп жатам. Ушундай адилетсиздиктен кийин мен кантип компромисске барышым керек? Мындан ары да Атамбаевдик режимге каршы күрөшө берем.

– Куугунтуктан тажадыңбы? “Тойдум байдын кызына” деп чет өлкөдөн башпаанек суроо боюнча аракет кылдыңбы?

– Жигиттин башына ар кандай сыноо келет. Кудайдын сыноосун көтөрө билүү керек. «Баштадыңбы, таштаба» деген сөз бар. Анын сыңарындай, мен чындык деп эсептеген пикирим үчүн катуу турам.

Негизи Атамбаевди ар дайым бир жактуу сындап каласың. Президенттин кичине да болсо баалай турган сапаттары, же бир көңүл жылытчу ишмердиги жокпу?

– Аны президент катары эмес, адам катары алып караганда жакшы сапаттарын көрсө болот. Мисалы, ал чыгармачыл, жакшы ырдайт, өзү сөзүн жазат, ырчылык сапатын баалайм.

Баса, Уран Ботобеков, Адиль Турдукулов, Адилет Айтикеев ж.б. калемгерлер чет мамлекетте жүрүшөт. Булар башпаанек алышканбы?

– Уран Ботобековдун чыгып кеткенине көп убакыт өттү, бирок, ал кишинин кайсы жакка кеткени тууралуу кабарым жок. Адилет Айтикеев да өмүрүнө коркунуч болуп жатканына байланыштуу кеткенин жарыялады. Алар башпаанек алганы тууралуу маалыматым жок.

– Сага козголгон кылмыш иши боюнча 21-сентябрда соттук отурум болот экен. Кандай прогноз кылып атасың? Камакка алууга барбаса керек…

– Бул бийликтен баарын күтсө болот. Мага салынган 2 млн. сом айып пул да адилетсиз чечим. Мындан тышкары, Кыргызстандагы баардык маалымат каражаттарынан президенттен кечирим сурап, жазган макаламды төгүндөө талабы бар. Ошону аткарбаганым үчүн алар мени “камайбыз” деп кылмыш козгошту. Эгер “президенттен кечирим сурабай коюптур” деп камап салса, анда эл аралык коомчулукка уят болушат. Жакында австриялык укук коргоочулар да президентке кат жазып, аны уяткарышты. Кылмыш ишин кыскартуу өтүнүчүн айтышты. Бирок президент ага канчалык деңгээлде көңүл бурат, ал табышмак. Менимче, президент азыр өлкөдөгү окуялар менен эмес, жакында боло турган туулган күнүн өткөрүүгө баш оорутуп жүрсө керек. 19-29-сентябрь аралыгында Варшавада ОБСЕнин форуму өтөт. Ошол форумда мага болуп жаткан куугунтук тууралуу да сөз болот. Анын жыйынтыгы менен да эл аралык уюмдар президентке кайрылышат деп ойлойм.

Сурат ЖЫЛКЫЧИЕВ

Булак: “Азия Ньюс”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 3 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: