Menu

КМШ мамлекеттеринин башчылары Кеңешинин тар чөйрөдөгү отуруму болуп өттү

Бөлүшүү:

«Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында кечээ, 16-сентябрда  Көз карандысыз Малекеттердин Шериктештигине кирген өлкөлөрдүн мамлекет башчыларынын Кеңешинин тар чөйрөдөгү отуруму болуп өттү.

Отурумду ачып жатып Алмаз Атамбаев КМШ мамлекеттеринин өкүлдөрүнүн башчылары менен кыргыз жергесинде жылуу учурашты, ошондой эле бүгүнкү отурумга катышып жатышкандары үчүн ыраазычылык билдирди жана Көз карандысыз Малекеттердин Шериктештигинин 25 жылдыгы менен куттуктады.

Атамбаев ошондой эле Сергей Лебедев баш болгон КМШ Аткаруу комитетине бүгүнкү отурумду даярдоого жана өткөрүүгө көрсөткөн көмөгү үчүн ыраазычылык билдирди. «Кыргыз Республикасына Шериктештиктин 25 жылдыгы белгиленип жаткан жылы ага төрагалык кылуу урматы туш келди»,- деди Алмаз Атамбаев.

Атамбаевдин айтымында, төрагалык кылуу учурунда кыргыз тарап Уюмду оптималдаштыруу маселелерин талкуулоого активдүү катышты, Шериктештиктин мындан ары өнүгүшүнө оң таасир эте турган идеяларды жана сунуштарды берди.

Атамбаев юбилейлик отурум достук жана конструктивдүү маанайда өтөрүнө жана бардык маселелер боюнча тараптар жалпы пикирге келе турганына ишеним билдирди.

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 4 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: