Menu

Фото – Путин Александр Лукашенконун 60 жылдыгына берген Александр Невский орденин Атамбаевдин 60 жылдыгына да берди

Бөлүшүү:

Кечээ, 17-сентябрда Бишкекке КМШнын саммитине келген Россиянын президенти Владимир Путин Алмаз Атамбаевдин туулган күнү жана 60 жылдык юбилейи менен куттуктап, эки өлкөнүн ортосундагы достукту жана кызматташтыкты бекемдегени үчүн Россиянын Александр Невский ордени менен сыйлады.

2014-жылы 30-августта Владимир Путин Белорусиянын президенти Александр Лукашенкону туулган күнү жана 60 жылдык юбилейи менен куттуктап, эки өлкөнүн ортосундагы достукту жана кызматташтыкты бекемдегени үчүн Россиянын Александр Невский ордени менен сыйлаган.

putin-nagradil-lukashenko-ordenom-aleksandra-nevskogo

2015-жылы 9-июлда Владимир Путин Казахстандын президенти Нурсултан Назарбаевди туулган күнү жана 75 жылдык юбилейи менен куттуктап, эки өлкөнүн ортосундагы достукту жана кызматташтыкты бекемдегени үчүн Россиянын Александр Невский ордени менен сыйлаган

putin-nagradil-nazarbaeva-ordenom-aleksandra-nevskogo2

Россиянын Александр Невский ордени чет элдик жарандардан ушул 3 кишиге туулган күнүнө жана юбилейине  белек катары берилип, КМШ өлкөлөрүнүн лидерлеринин туулган күнүнө берилчү орденге айланыптыр.

Булак: Кyrgyztoday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 4 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: