Кечээ, 17-сентябрда Бишкекке КМШнын саммитине келген Россиянын президенти Владимир Путин Алмаз Атамбаевдин туулган күнүн жана 60 жылдык юбилейин куттуктап Александр Невский орденин тапшыруу учурундагы диалог:
В.Путин: – Сизди Александр Невский ордени менен сыйлайбыз. Александр Невский биздин тарыхый каармандардан.., – деп келатканда Атамбаев сөздү бузуп:
А.Атамбаев: – Ал мага окшоп татар элинин күйөө баласы болгон.., – деп карсылдап күлдү.
В.Путин: – Сиз Чыгыш жана Батыш менен өз өлкөңүздүн кызыкчылыгына туура келе тургандай саясат жүргүзүңүз.., – деп келатканда
А.Атамбаев: – Кооз орден экен.., – деп аралашты.
В.Путин: – Сизге, биздин эки өлкөлнүн эң жакшы салттарын жүрөгүнө жакшы сактаган адам катары бул Александр Невский ордени аябай ылайыктуу.., – деп келатканда
А.Атамбаев: – Мен Александр Невскийдин “Ким бизге кылыч менен келсе ал кылычтан өлөт” деген сөзүн аябай жактырам.., – деп карсылдап күлдү.
Булак: Кyrgyztoday.kg
Видео: RT канал
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ