Menu

Алмаз Атамбаев өзүнүн туулган күнү менен КМШнын саммитин кандай өткөрдү?

Бөлүшүү:

Ушул боз үйдү куруу үчүн 179 миллион сом каражат чыгымдалган.

 

Мындан 25 жыл мурун, 1991-жылы КМШ  түзүлгөндө кыргыздын белдүү дипломаттарынын бири, Кыргызстандын бир кездеги Тышкы иштер министри Мурат Сансызбаев  “КМШны СССР сыяктуу мамлекет катары кабыл албаш керек. КМШ бул СССРдин составындагы мамлекеттердин цивилдүү жолдор менен ажырашып кетүүсү үчүн гана түзүлгөн. Аларды ажыраштыргандан башка колунан эч нерсе келбейт. СССРдин составындагы мамлекеттер ажырашып бүткөндөн кийин КМШ  эч кандай роль ойнобой калат”  деген болчу.  Мындай ойлор  кийин да көп айтылды.  Андан 25 жыл өткөндөн кийин кечээ, 16-сентябрда Россиянын “Вести- FM» радиосунда москвалык белгилүү саясат тануучу  Сергей Михеев да Бишкекте өтүп жаткан КМШнын 25 жылдык юбилейлик саммитине комментарий берип жатып “КМШ бул ажырашуу үчүн, бүлүндүрүү үчүн түзүлгөн уюм эле. Ал өз максатына жетти. Эми анын дүйнөлүк саясатта барандуу орду деле жок” деп жыйынтык чыгарды.

Чынында эле КМШ акыркы 25 жылда канчалаган саммиттерди өткөрүп, эмне деген гана келишимдерди түзбөсүн  ишке ашпай баардыгы кагаз жүзүндө калып келет. Алтургай өз ара эркин соода жүргүзүү,  бири-биринин визаларын таануу келишимдери да иш жүзүндө толук кандуу иштебей калып кетти.  СССРдин составындагы Латвия, Литва жана Эстония дароо эле бул уюмдан баш тартып кошулбай коюшту. Молдова менен Грузия кеч кошулушканы менен толук кандуу иштешпей кийинчерээк Грузия КМШдан чыгып кетти. Украина КМШнын иш-чараларына тийип-качып, формалдуу гана катышып жүрөт. Кечээ Бишкекте өткөн саммитке да шылдыңдагансып  Кыргызстандагы элчисин жиберип койду. Анысы Россиянын кезектеги КМШга төрагалык кылышына каршы чыгып сүйлөп, Путиндин маанайын бузганга жетишти.  Өзбекстан бай мамлекет болсо да 25 жылда КМШнын мамлекет башчыларынын бир да саммитин өткөрбөптүр. Бирок, меймандос Кыргызстан 25 жылда КМШнын  мамлекет башчыларынын 3 саммитин тосуптур.

Акыркы жылдарда КМШнын саммити бул КМШга мүчө мамлекеттердин президенттеринин туулган күнүн белгилечү тойчуктарга айланып кетти.  Башка өлкөлөрдүн президенттерин айтпай эле коёлу биздин эле Курманбек Бакиевдин 60 жылдык юбилейин 2009-жылы КМШнын саммити менен байланыштырып, Бишкекте, Ысык-Көлдө  бирге тойлошкон. Эми Бакиевди туурап Атамбаев да 60 жылдыгын КМШнын саммитине шылтоолоп,  Ала-Арчада, Кой-Ташта белгиледи. КМШнын президенттерин чакырып,  казы-картаны мол салып, “Ала-Тоодой эт, Ала-Көлдөй чык” тартып той берди.

yurta-rezidentsiya2

КМШнын саммити менен Алмаз Атамбаевдин туулган күнүнө канча чыгым кетти?

Алмаз Атамбаев өзү жашаган толук мамлекеттик камсыздоодогу “Ала-Арча”  мамлекеттик резиденциясына  боз үй формасындагы жыйналыштар, тойлор өтчү аянты 1,5 миң чарчы метр келген тойкана салды.  Атамбаевдин Иш башкармалыгынын башчысы Туруспек Коёналиевдин айтуусунда бул тойканага 300 адам катышкан банкет өткөрсө болот. Ошондой эле Коёналиев Атамбаев туулган күнүн ушул жерде тар чөйрөдө өткөрө турганын билдирди. Анын айтымында бул тойкананы салууга 179 миллион сом сарпталды.  Боз үйдүн ички жасалгасын кыргыз уздары эмес, Кытайлык усталар жасап беришиптир. Андан сырткары КМШнын саммитин өткөрүүгө 18 миллион сом сарпталып, анын ичинен 2 эле күнгө 6 миллион 360 миң сом тамак-ашка чыгымдалган.  Жылкы этинен сырткары 200 кг казы, 80 кг карта,  100 кг форель балыгы, 300 кг семга балыгы,  45 кг козу карын, 2,5 тонна жашылча, 2 тонна жер-жемиштер, быштактар, ар түрдүү кымбат баалуу винолор менен коньяктар сатылып алынган.

Ошондой эле Алмаз Атамбаев  Кой-Таштагы Максим Бакиевден мураска калган (Текебаевдин айтуусунда)  2,7 гектар жерге жаңы хан сарай салды. Ал хан сарайдын короосуна да резиденциядагыдай чоң ак боз үй салдырыптыр. КМШдан келген президенттерди ал үйүнө да алып барып меймандады. Бул хан сарайга кеткен чыгымды али ачыкка чыгарыша элек, бирок, ал курулуш түшкөн 2,7 гектар куру жерди эле 33 миллион сомго сатып алдык деп жатышат. Калган чыгымдар али эсептеле элек имиш.

Ишемби күнү, 17-сентябрда “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында өткөн Алмаз Атамбаевдин туулган күнүнө 200 адам чакырылган. Аларга ырдап берүү үчүн Россиядан Филипп Киркоров, A’Studio тобу, Кыргызстандан Гүлжигит Калыков, Гүлзат Рыскулова сыяктуу шоу бизнестин жылдыздары жалданганын 24.kg  маалымат агенттиги жазып чыкты.

Россиялык маалымат агенттиктери Филип Киркоровдун корпоративге барып ырдап бергени 100.000. доллардан ашык турарын билдирет. Ал эми A’Studio тобу 30.000. евродон кем эч жакка чыкпайт. Андан сырткары алардын транспорттук, мейманкана, тамак-аш чыгымдарын да чакырган киши төлөп берет.

Алардан сырткары Атамбаевдин туулган күнүнө россиялык жана казахстандык олигархтар, азыр коррупция менен айыпталып кызматынан алынган экс-бажычы Андрей Бельянинов,  4 миллиард доллардык алтыны бар “Жерүй” алтын кенин кыргыз бийлигинен 100 миллион долларга сатып алган Муса Бажаев, түбү Токмоктук миллиарддер  “Граф” Aлижан Ибрагимов жана түбү Бишкектик миллиардер Александр Машкевичтер чакырылган.

Туулган күн резиденцияда 179 миллион сомго жаңы салынган боз үйдө өткөн.

Билермандар КМШнын кийинки саммити Россияда Владимир Путиндин туулган күнүнө туш келет дешүүдө. Путин бизге Александр Невский орденин алып келип кошту. Биз Манас орденибизди ала чуркайбыз го. Кыскасы КМШ мамлекет башчыларынын саммити – бул президенттердин туулган күндөрүн  өткөрүүчү тойлорго айланды. Мурат Сансызбаев жана башка билермандар  муну 25 жыл мурун эле алдын-ала айтышкан болучу.

Булак: Кyrgyztoday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 29 − = 26

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: