Чүй облустук соту Азимжан Аскаровго карата жазык ишин кароону 2016-жылдын 4-октябрына саат 10:00го белгиледи. Бул тууралуу Жогорку Cоттун басма сөз катчысы Айнура Токтошева билдирди.
Соттук процесс Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын күзөт жана конвоирлөө департаментинин имаратында өтөт.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ