Menu

Видео – Мигрант атасы кызынын сабак даярдоосуна Скайп аркылуу жардам берет

Бөлүшүү:

Тажикстандык Фирдавс акча иштеп табуу үчүн Орусияга кетүүгө аргасыз болгон. Мекенинде анын жубайы менен быйыл гана мектеп босогосун аттаган жети жаштагы Сумая аттуу кызы калган. Атасын унутуп калбасын деп Фирдавс күн сайын үйүнө чалып, кызынын сабактарын даярдоосуна скайп аркылуу жардам берет.

«Атам күн сайын чалат. Ал менин мектепке барган-барбаганымды сурап, тапшырма аткарганыма, кайсыл тамгаларды жаттаганыма кызыгат», – дейт Сумая.

Атасы кызы окуп билим алышы керек деп эсептейт. «Мен ага жакшы окушу керектигин айткам. Алгач ага кыйын болду. Бирок биз ага көңүл буруп турууга аракет кылабыз. Кудай буюрса кызымда баары жакшы болот», – деп кошумчалады Фирдавс.

Үйдө анын сабактарына апасы менен чоң энеси көз салып турушат.

Бейрасмий маалыматтар боюнча, ар бир 8-тажикстандык – эмгек мигранты. Эл аралык ЮНИСЕФ уюмунун Тажикстандагы өкүлчүлүгүнүн 2015-жылдагы маалыматында кыздардын 70,7 пайызы гана 9-класстан кийин окуусун улантары көрсөтүлгөн.

https://www.youtube.com/watch?v=IQnDF6Fauu0

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 98 − = 94

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: