16-сентябрда Кыргызстандын вице-премьер-министри Жеңиш Разаков Тажикстандын премьер-министринин орун басары Азим Иброхим менен жолугушту.
Анда Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы соода-экономикалык байланышты өнүктүрүү, кыргыз-тажик мамлекеттик чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо маселелери талкуланды. Тараптар чек араны тактоо маселесин келечектеги эки тараптуу мамилелерди чыңдоо максатында чечүү зарылчылыгын белгилешти.
Жолугушуунун жүрүшүндө вице-премьер-министр Жеңиш Разаков эки тараптуу маселелердин жыйындысын кароо боюнча кезектеги кыргыз-тажик өкмөт аралык жыйынын Бишкекте, ал эми кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк жыйынды Дүйшөмбү шаарында өткөрүүнү сунуштады.
Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасы 970 чакырым, анын 520 чакырымы эки тараптуу такталган, 450 чакырымы тактала элек.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ