19-сентябрь күнү Бишкек-Кашгар авиакаттамы ачылды. Биринчи каттамды “Эйр-Манас” авиакомпаниясы өзүнүн Боинг «737-800» үлгүсүндөгү учагы менен аткарды. Бул тууралу авиакомпаниянын басма сөз кызматы билдирет.
Билдирүүдө каттам жумасына эки жолу, дүйшөмбү жана жума күндөрү аткарыла тургандыгы, учуу узактыгы 2 саатка созулары айтылат.
Булак: Кyrgyztoday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ