Menu

Бишкек мэри Албек Ибраимов 29 жер тилкесин мыйзамдуу алганмын деп актанып жатат

Бөлүшүү:

Бишкектин мэри Албек Ибраимов мүлкү тууралуу декларациясында көрсөтүлгөн жерлер борбор калаада эмес Чүй облусунун аймагында жайгашканын билдирди. Аларды жер үлүштөрү бөлүнгөн учурда ар кимден сатып алганын кошумчалады.

“Бул жердин баары эле айыл чарба багытындагы жерлер. Илгери эле сатып алганбыз. Жер бөлүнүп эл үлүш албады беле. Үлүш алган адамдардан сатып алганбыз. Жер тилкелеринин Бишкекке эч тиешеси жок. Өйдө жактагы айыл чарба багытындагы тилкелер”, – деп билдирди Ибраимов.

Мамлекеттик кадр кызматынын сайтында Албек Ибраимовдун кирешеси боюнча декларация жарыяланган. Андагы маалыматка ылайык, Бишкектин мэри 29 жер тилкесине ээлик кылат. Алардын эң ирилери ар бири 0,714 га болгон (7140 чарчы метр) эки жер тилкеси, ал эми аянты аз дегени 0,164 га (1640 ч/м). Мэрдин декларациясында өткөн жылы ал 765 533 сом айлык акы алганы, дагы 3 млн сомдой кирешени айыл чарба продукцияларын сатып тапканы жазылган. Өзүнө таандык үйү жана унаасы жок. 1,2 гектар (10200 ч/м) ашуун жерде сарай жана курулуштары бар, дагы 0,9 гектар (9280 ч/м) жерде гараж жана башка курулуштары бар экенин маалымдаган.

Албек Ибраимовдун декларациясында жер сатып тапкан 33 млн сом да көрсөтүлгөн. Бул Ибраимовдун жубайы президентке сатты деген участоктон түшкөн киреше болушу ыктымал. Мурдараак “Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев ал жерге президент Атамбаев өзүнө үй салды деп маалымдаган. Текебаев ошондой эле президентке сатылган жер мурда Максим Бакиевге таандык болуп, ал качып кеткенден кийин мамлекетке кайтарылганын, Албек Ибраимов ал жер тилкесине кантип ээлик кылып калганын иликтөө зарылчылыгын билдирген.

Булак: Борбор Азия жаңылыктар кызматы

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 3 + 2 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: