Бүгүн, 22-сентябрда Жидда-Ош авиакаттамы менен 250 жарандан турган ажылардын алгачкы тобу Ош Эл аралык аэропортуна келип конду. Ажыларды Ош Аэропортунан Өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Таалай Сарыбашов, Ош облусунун казысы Самидин кары Атабаев жана ажылардын миңдеген туугандары тосуп алып, алардын ажылык милдеттерин аткарып, аман-эсен туулган жерлерине кайтып келгендери үчүн бата кылышты. Жетектеп барып келген ажы башчы Зухпаттило Абдуганиевдин айтуусунда ажылардын баардыгынын ден-соолугу сак-саламатта жана жогорку деңгээлдеги тейлөө менен кайтышкандыгын билдирди. Сауд Арабиясында калган зыяратчылар Жидда-Ош жана Медина-Ош авиакаттамдары аркылуу 1-октябрга чейин кайтып келишмекчи.
Эскерте кетсек, быйылкы ажылык сапарга Ош облусунан 1514 жаран кеткен болчу.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ