Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили күнүнө карата, Улуттук банк лицензияланган жана иши ал тарабынан жөнгө салынган финансы-кредит мекемелер, төлөм системасынын опетарору/төлөм уюмдарынын ишинде колдонулган жаңы терминдердин жыйнагын КР Улуттук банкы сунуштайт.
Документ Улуттук банктын расмий сайтынын Коомдук кызмат көрсөтүүлөр/ финансылык кызмат көрсөтүүлөрдөн пайдалануучулар үчүн маалымдоо бөлүгүндө – https://www.nbkr.kg/contout.jsp?item=2285&lang=KGZ&material=75192
Терминдер, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчисинин буйругу менен түзүлгөн Терминдерди бирдейлештирүү боюнча жумушчу тобу жана Улуттук банктын Методологиялык комиссиясы тарабынан бекитилип, банк ишинде колдонулган терминдерди бирдейлештирүү максатында такталып, иш процессинде мамлекеттик жана расмий тилде колдонуу үчүн сунушталат.
Бул саамалык, Улуттук банктын эксперттеринин бир катар жылдардан бери ушул багытта жүргүзүп келген иш жыйынтыгы болуп саналат жана тил саясатын өркүндөтүүнүн 2014–2020-жылдарга каралган улуттук программанын” талабын аткаруунун алкагында Мамлекеттик тил күнүнө карата жарыяланууда.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ