Menu

Орусия БШКсы Мамдумага шайлоонун акыркы жыйынтыктарын чыгарды

Бөлүшүү:

Жумага караган түнү БШК Мамлекеттик думага добуш берүүнүн акыркы жыйынтыктарын жарыялады. Шайлоо 18-сентябрда өткөн.

“Бирдиктүү Орусия” добуш берүүлөрдүн жыйынтыгы менен конституциялык көпчүлүктү түзүп, 343 мандат алды. Коммунисттер партиясы 42 мандатка ээ, ЛДПРге 39 мандат ыйгарылса, “Акыйкат Орусия” 23 мандат топтоду. “Родина” менен “Жарандык платформа” партиялары жана өзүн-өзү көрсөткөн талапкер бирден мандат алды. Шайлоого катышкандардын саны 48 пайыздын тегерегин түздү.

Оппозиция шайлоонун легитимдүүлүгүн тааныган жок. Алар добуш берүү учурунда одоно мыйзам бузууларга жол берилгенин айтышууда. Талдоочулар бюллетендерди массалык түрдө үкөктөргө таштоо учурлары болду деп эсептешет.

БШК башчысы Элла Памфилова айрым кемчиликтерге жол берилгенин, шайлоо институтуна толугу менен элди ынандыруу камсыздалбаганын моюнга алды. Ал ошондой эле одоно мыйзам бузуулар болгон жерлерде шайлоонун жыйынтыктары жокко чыгарыларын кошумчалады. Буга чейин бул багытта 32 кылмыш иши ачылып, 9 шайлоо тилкесинде добуш берүүнүн жыйынтыктары жокко чыгарылган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 26 − = 16

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: