Menu

Лилия Бурунчук, Дүйнөлүк банктын аймактык директору: “Кыргызстандагы энергетика, транспорт жана жол куруу долбоорлорун каржылоо көлөмүн жогорулатуу тууралуу чечим кабыл алынды”

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков Дүйнөлүк банктын Борбор Азия боюнча аймактык директору Лилия Бурунчукту кабыл алды. Бул тууралу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирет.

Жолугушууда кызматташуунун учурдагы абалы жана кызматташуу келечеги талкууланды. Энергетика, транспорттук инфраструктура жана айыл чарба жаатындагы долбоорлордун ишке ашырылышына канааттандыраарлык баа берилди. «Ысык-Көл облусундагы сүт секторун комплекстүү жогорулатуу» долбоору ийгиликтүү долбоор катары аталды. Аталган долбоор Ысык-Көл облусундагы сүт, жем өндүрүү, ветеринардык тейлөө тармагын өнүктүрүүнү, фермерелер үчүн инвестициялык колдоону , ошондой эле сүт продуктуларын коңшу өлкөлөргө экспорттоо мүмкүндүгүн жакшыртууну карайт.

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков белгилегендей, учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтү 2013-2017-жылдарга Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнүн Улуттук стратегиясынын негизинде иштелип чыккан «Ишеним жана биримдик» Программасын ишке ашырууда. Өлкөнү орто мөөнөттүү жана узак мөөнөттүү өнүктүрүү документтери иштелүүдө.

Дүйнөлүк банктын Борбор Азия боюнча аймактык директору Лилия Бурунчук белгилегендей, банк жетекчилиги тараптан өткөн жылга салыштырмалуу Кыргызстандагы долбоорлорду каржылоо көлөмүн жогорулатуу тууралуу чечим кабыл алынган. Энергетика, транспорт жана жол инфраструктурасы жаатындагы долбоорлор артыкчылыктуу болуп саналат.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 18 = 21

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: