“Талас-Тараз-Суусамыр” эл аралык маанидеги жолдогу көпүрөнүн жанындагы дамбаны кыш келгенге чейин оңдоп жетишүү зарыл. Бул тууралуу кечээ, 23-сентябрда Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Жеңиш Разаков Талас облусуна эки күндүк жумуш сапары менен барган учурда билдирди.
Иш сапардын алкагында вице-премьер-министр Талас районунун Арал айылындагы “Бүргө Баатыр” чек ара заставасынын абалы менен таанышты. Андан кийин Кара-Буура районундагы Көк-Сай айылында жайгашкан “Көк-Сай” жана Сатыкей айылындагы “Сатыкей” чек ара заставаларына барып, ал жактагы чек арачыларга түзүлгөн шарттарды көрүп, айрым маселелер боюнча тиешелүү органдарга тапшырма берди.
Вице-премьер-министр аймактарда кышка карата көрүлгөн даярдыктарды жеринен көрүү максатында Киров суу сактагычы жана Талас дарыясынын жээгин коргоо жумуштарынын аткарылышынан да кабар алды. Кыргыз-казак чек арасында жайгашкан “Айша-Биби-Чоң-Капка” көзөмөл өткөрүү пунктунун жүргүзгөн иши менен да таанышып чыкты.
Талас облусуна болгон иш сапардын алкагында вице-премьер-министр Жеңиш Разаков Талас шаарындагы Атай Огомбаев атындагы музыкалык мектепте өткөн 23-сентябрь – Мамлекеттик тил күнүнө карата өткөрүлгөн иш чарага катышты.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ