Menu

Экс-ректор Аалыбек Акунов жер сатканбы?

Бөлүшүү:

Коргоо кеңешинин сунушу менен быйылтан тарта студенттерди аскерге даярдоочу аскердик кафедра бир гана Иса Ахунбаев атындагы кыргыз мамлекеттик медициналык академияда болмой болду. Буга дейре аскердик кафедра Насирдин Исанов атындагы кыргыз мамлекеттик курулуш жана архитектура университетинде да болгондугу белгилүү. Андан мурда ЖОЖдордун флагманы аталган Ж.Баласагын атындагы КУУда аскердик кафедра бар эле. Ал кафедраны 2010-жылы андагы университеттин ректору Аалыбек Акунов белгисиз себептер менен жоюп, көпчүлүк студенттердин каарына калган жайы бар. Көрсө, кайран Аалыкең бизге жеткен маалыматтарга караганда Кой-Таш айылындагы университетке тиешелүү болгон бир канча сотых жерди олигарх Аскар Салымбековго сатып жибергени чын беле? Ал жердин баштапкы балансы университеттин аскер кафедрасына тиешелүү жер экени каңкуланууда. Берки олигарх Салымбеков ал жерге жеке үй куруп жашап жатканын да эшиттик. Мындан улам УКМК алдындагы АКС башчысы Улан Исраилов бул ишти терең иликтөөгө алса, Аалыбек Акунов баш болгон мурдагы ректорлордун былыктары чубалып, маңкалары агып калбайбы?

Булак: Азия Ньюс

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 91 − 82 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: