Menu

«Адалсынган молдонун үйүнөн алты камандын башы чыгыптыр»

Бөлүшүү:

Ж.Баласагын атындагы КУУда ийгиликтүү жүргүзүлүп жаткан реформалардын алкагында 1000ден ашык профессорлор, доценттер, улук окутуучулар жана окутуучулар кызмат орундарына конкурстук негизде кайрадан кабыл алынды. Конкурста профессор-окутуучулар курамынын окуу-методикалык, илимий-методикалык жана илимий ишмердүүлүктөрү калыс, адилет бааланды. Бул конкурс эмгек жамааты тарабынан жактырылып, колдоого алынды. Бирок жогорудагы критерийлерге туура келбей, өтпөй калган айрымдар нааразылык акцияларын өткөрүп, университетти жаманатты кылууга, каралоого өтүштү. Ошолордун алдыңкы сабында жүргөн Турусбек Маразыковдун айрым кыңыр иштерин коомчулуктун билүүсү зарыл болуп жатат, ошондон кийин анын ким экендигин ар ким өзү баалап билер…

Трайбалисттик «оору» менен ооруп келаткан Т.Маразыков кыргыз филологиясы факультетинде жердешчиликти, эмгек жамаатындагы микроклиматты бузганды, бөлүп-жарганды туу тутуп алган. Т.Маразыков мурда башкарган тил илими кафедрасына көлдүк жердештери – С.Мусаевди, Б.Жайлообаевди, А.Табалдиеваны, Г.Телибаеваны, Г.Абдразакованы «ага-ини, эже-карындаш» деген принцип менен чогултуп алган. Жери башка жактан болгону үчүн убагында филология илиминин доктору, профессор С.Ибрагимовду (таластык) өгөйлөп кафедрадан сүрүп чыгарып, ал эми филология илиминин доктору, профессор И.Абдувалиевди (Баткенден), олуттуу илимий иштерди жараткан Г.Жаманкулованы (Чүйдөн) болгону үчүн кафедрага алганга караманча каршы турган. Бул айтылгандар кыргыз филологиясы факультетиндеги моралдык-психологиялык климатты бузуп, эмгек жамаатын бөлүп-жарган Т.Маразыковдун «ишмердүүлүктөрүнүн» чети эле, дагынкысы дагы бар…

Т.Маразыков декан болуп турганда кызматынан кыянаттык менен пайдаланып, окуу планына каалагандай өзгөртүүлөрдү киргизген. Ал окуу башкармалыгы тарабынан текшерүүдө дайын болуп, окуу жүгүн бөлүштүрүүдө орой каталарды кетиргендиги үчүн ректорат тарабынан эскертүү берилген. Адегенде өзүнүн текст таануу боюнча илимий ишин төрт предметке бөлүп, окуу планына киргизүүгө аракет кылган. Кыргыз филологиясы факультети текст таануу боюнча адистерди эмес, кыргыз тили жана адабияты боюнча адистерди даярдап чыгарарын унутуп калган окшойт.

Маразыков түзгөн Окумуштуулар кеңеши

Турусбек Маразыков өзү уюштурган пикет-митингдерде депутаттарга, өкмөткө, президентке жолдогон арыз-кайрылууларында Улуттук университеттин Окумуштуулар кеңеши туура эмес түзүлгөн деген пикирди бир эмес, бузулган патефондой үстөккө-босток кайталай берип, элдин баарын ишендирип, тажатып жүрөт. Т.Маразыков КУУнун Окумуштуулар кеңешине «илимдин 10 гана доктору кирген» деп нааразы болот. Адистештирилген диссертациялык кеңеште мынча пайызы илимдин доктору болсун деген талап бар. Ал эми университеттин Окумуштуулар кеңешин түзүүдө андай талап коюлбайт, анын функциясы да, статусу да башка. Окумуштуулар кеңеши факультеттердин тандалып жөнөтүлгөн өкүлдөрүнөн турат. Окумуштуулар кеңешинде окуу-методикалык, илимий-педагогикалык, административдик, чарбалык, финансылык маселелер каралып, чечим кабыл алынат. Ал маселелерди кароодо баардыгы илимдин доктору болуунун кажети жок. Ошон үчүн студенттердин да кеңештин мүчөсү болууга укугу бар. Ал конкурска катышып жатканда Окумуштуулар кеңешине эч кандай дооматын айтпайт да, «кулап» калгандан кийин аны мыйзамсыз деп кыйкырганы кайсы логикага сыят же «доктормун» деп төшүн койгулаган Т.Маразыков кирбей калса эле Окумуштуулар кеңеши мыйзамсыз болуп калабы? Эми болсо КР УИАнын корреспондент-мүчөсү, профессор Э.Мамбетакунов, профессорлор Н.Ишекеев, А.Арзыматова, А.Айтбаев, А.Чикеев сыяктуу республикабыздын билим берүүсүнө, илимине эмгеги сиңген окумуштуулар кирген Окумуштуулар кеңешин жаманатты кылыш үчүн «карманный ученый совет» деген жарлык тагып, кыйкырып жүрөт.

Т.Маразыков “президентикке талапкерлерден экзамен алгам” деп жар салууда. Экзамен алган комиссияга Г.Василькова сыяктуу эле филологдор кирген. Экзаменди жалгыз өзү алгансып «мен эле мен!» деп экзамен алганын бетине кармаганы кандай, же бул коомдук ишин колко кылганыбы?

Эгер аныкы туура болсо, өзү декан болуп турганда кыргыз филологиясы факультетинин Окумуштуулар кеңеши кайсы укуктук-нормативдик талаптарга ылайык түзүлгөндүгү чоң суроону жаратат. Ал факультеттин Окумуштуулар кеңешин өзүнө ыңгайлаштырып түзүп алган. Мисалы, аны колдогон А.Садыковдун кафедрасында болгону беш киши иштесе, анын төртөө ошол жакка кирип алган. Салыштырма лингвистика жана адабият кафедрасынан төрт киши Окумуштуулар кеңешине кирген. Алардын экөөнүн илимий даражасы жок. Ал эми факультеттеги жетектөөчү кафедралардан болгон кыргыз адабияты (10 киши) жана кыргыз тилин жана адабиятын окутуунун методикасы (15 киши) кафедраларынан экиден гана киши киргизилген. Илимдин доктору С.Тиллебаевди башка жерден болгон үчүн Окумуштуулар кеңешине киргизген эмес. Окумуштуулар кеңешинин мүчөлөрүн талдап келгенде Маразыков тарабынан киргизилген окутуучулардын көпчүлүгүнүн илимде да, педагогикалык иште да чабалдыгын коллектив айтып келет.

 Маразыковдун мыйзам бузуулары

СУАРдын Шинжан педагогикалык университети менен болгон келишимдин негизинде кыргыз филологиясы факультетинин студенттери фольклордук практиканы КЭРден өтүү боюнча келишим түзүлгөн. Т.Маразыков практикага тиешеси жок, өзүнө пикирлеш Н.Мараимова, М.Жаңыбаева, А.Табалдиева сыяктуу окутуучуларды фольклордук практикага жетекчи кылып, Кытайга өзү менен кошо алып барган. Ал эми өзү болсо эки жылы катары менен барып келген. Кытайлык студенттер Кыргызстанга практикага келгенде, аларды тосууну жөндөп уюштура албай, кыргыз филологиясы факультетинин студенттеринен акча жыйнатканы уу-дуу. Искендербек кызы Гүлсанадан 10000 сом, Абдрахманова Рахаттан 6000 сом, Муратбек кызы Салтанаттан 5000 сом, Э.Абазбек кызынан 6000 сом алганы толук аныкталабы? Туйгункулов Али аттуу студент Бишкек шаарынын Ахунбаев көчөсүнөн Кытайдан келген студенттерге мейманканы ижарага жалдаганы, Жангараев Мирлан, Алтымыш уулу Мирлан, Бакаева Кымбаттар Кытайдан келген студенттерди үйлөрүнөн коноктогонучу? Алар бул көрүнүштү университеттин юридикалык бөлүмүнүн башчысы Н.Нурматов менен болгон аңгемелешүүдө далилдеп беришкени айтылып келет. Ал эми факультеттин деканы Т.Маразыков болсо, “аларды билген эмесмин, көргөн эмесмин” деп мойнуна албай койгон. Студенттерден 10 миң сомдон акча жыйналып жатса, декан аны “билбейм” деп кутулуп кетүүгө аракет кылганы кандай? Факультеттеги ушул жана башка орой мыйзам бузууларга декан жооп бербегенде ким жооп берет? Декандын мыйзамды билбегендиги аны мыйзам алдында жооп берүүдөн куткарып кала албайт да. Ал бир эмес, эки жолу Кытайга конок болуп барып келгенин тез эле «унутуп» калганычы? Кытайдан келген конокторду тосууну студенттерге жүктөп салган. Жоопкерчиликти билбеген, чет өлкөдөн келген конокторду тосуу ишин уюштура албаган мурдагы декан Т.Маразыков факультетти кантип жетектеп жүргөнү белгисиз. Т.Маразыков Жалал-Абад университетине мамлекеттик экзамендин төрагасы болуп, 2015-жылы барганында аялын, бала-чакасын кошо алып барып, үй-бүлөсү менен конок болуп, сайрандап, Сары-Челекке чейин саякаттаганга факультеттин коллективин мажбурлаганы төрага катары кызматынан кыянаттык менен пайдалануу эмей эмне? (Бул жөнүндө Фейсбук интернет булагында жарыяланган.)

Маразыковдун илимий ишмердүүлүгү жөнүндө

Т.Маразыковдун: «Байыркы кыргыз элинде илимий иликтөөлөр болгон, анда илимий стиль да болгон» деген «теориясына» окумуштуулар мыйыгынан күлүп жүрүшөт. Бул анын илимдеги деңгээли канчалык экенин далилдеп турат. Анан чоң окумуштуу болуп калгансып, «мен» деп көкүрөк какканы, көрүнгөн жерде докторлук даражасын бетине кармаганы окумуштуунун жасай турган иши эмес. Т.Маразыковдун докторлук диссертациясы орус текст таануу илиминдеги даяр теориялардын калыбына салынып жазылып, болгону кыргызча мисалдарды кошуп койгон. Бул маселе боюнча өзүнүн оригиналдуу ойлору жок. Анын докторлук иши кыргыз тили илимине терең из калтырган, илимдин кандидаттары Ж.Мукамбаев, С.Давлетов агайлардын түбөлүктүү илимий эмгектеринин жанында компиляциялык деңгээлде турарын коомчулукка айта кетели. Т.Маразыков илимдин докторумун деп ооз көптүргөнү менен колго ала турган алгылыктуу илимий иши жок экенин эл билиши керек. Алсак, илимий иштери негизинен чоркок сүйлөмдөрдөн, калька сөздөрдөн куралган.

Ушундай илимий-педагогикалык, уюштуруучулук «ишмердүүлүктөрдүн ээси», арызчыл Т.Маразыков конкурстан өтпөй калып, учурда көрүнгөн жерге арызданып жүрөт, анын арыз жазуудан «баар» табышына тилектешпиз…

Миңден ашык окутуучулар, улук окутуучулар, доценттер жана профессорлор конкурстан ийгиликтүү өтүшүп, жаңы окуу жылына жаңы күч, жаңы дем менен даярдык көрүшүүдө. Ал эми Т.Маразыков баш болгон конкурстан өтпөй калган 20га жакын окутуучулар “шайлоо адилетсиз өттү” деп ызы-чуу салып, курамы кадыр-барктуу, белгилүү илимпоздордон турган Окумуштуулар кеңешине шек келтиришип, шайлоонун жыйынтыгын саясатка айландырышып, митинг, пикет уюштурушуп, университетти коомчулукка жаман көрсөтүүгө аракет кылышууда. Кыргыздын «суу ичкен кудугуңа түкүрбө» деген даанышман сөзүн «мен» деп көкүрөгүн каккан Т.Маразыков түшүнбөйбү? Илимий чөйрөгө, билим берүү тармагына бул «ишмердүүлүгү» менен ал өзүнүн ким экенин таанытты.

Марс ЭСЕНБЕКОВ

Булак: Азия Ньюс

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 45 − = 39

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: