Menu

Аликбек Жекшенкулов, коомдук ишмер: “Чүйдө жетимдердин мектеби бар, анда менин жыл сайын жардам берип турган өзүмдүн классым бар”

Бөлүшүү:

Жээн эл болот,Сый жарашса
– Мен төрөлгөндө ата-энем Фрунзеде студент болчу. Ошон үчүн мени таятам жана таенем багышкан. 7 жашка чейин Кочкор районунда Туз айылында тарбияландым. Таятам мени 3 жашымда биринчи жолу атка мингизип, кыргыз элинин каада-салтын үйрөтүп, көп тарыхый окуяларды айтып берчү. Чоң атам болсо ыр жазган, сөзмөр киши болчу. Экөө тең Улуу Ата Мекендик согушка катышкан, абдан сабырдуу, акылдуу адамдар болчу, көп акыл айтышчу. Балалыкты эстесем ар дайым кереметүү жайлоолор эсиме келет, Соң-Көл, Кызарт, Чаар-Арча жана Туздун төрү. Кичинекей кезимден эле ат чапканды, күрөшкөндү жана чүкө ойногонду жакшы көрчүмүн. 7 жашка толгондо айылдан мени Украинага Харьков шаарына биринчи класска окуганы алып кетишкен, анткени атам ошол жерде аспирантурада окучу, апам иштечү. Башында мени окууга албай жатышкан орусча билбейт деп. Бирок тырышып жатып үчүнчү чейректе ударник болгом. Фрунзеге көчүп келгенден кийин дагы жакшы окудум. Атам тартипти катуу кармаган киши болчу, ошон үчүн сабактан каччу эмесмин. Бирок балабыз да, ага карабастан тентек болчумун, далай мушташкан күндөр өткөн.

Жакшыны көрө билүүгө да үйрөнүш керек
– Жакшы окуяны жакшы деп айтыш керек. Өткөн Дүйнөлүк көчмөн оюндары дүйнө жүзүнө кыргыздардын атын чыгарып, каада-салтын даңазалап, биздин мамлекетке туристтерди кызыктырууга, инвесторлордун келишине жакшы жөрөлгө болду. Бирок ошол биздин мамлекетке кызыккан эл аралык коомчулуктун көңүлүн калтырбай, айнытпай, элибиздин турмушун оңдоп, мамлекетибиздин ички коопсуздугун бекемдеп, экономиканы өнүктүрүүбүз зарыл. Биздин спорт чеберлери командалык биринчи орунду алганына кубанычтамын, ал эми уюштуруу жана техникалык кемчиликтерди айтпай эле коеюн, андай нерсе көпчүлүктө боло берет. Эскертүү катарында уюштуруучуларга айта турган бир нерсе бар, ар бир эки жылда Кыргызстанда гана өткөзөт деп шашып жарыялашты. Менин оюмча, бул маселе башка көчмөн элдер менен талаш-тартышты жаратышы мүмкүн. Менин билишимче казактар дагы, монголдор жана башка мамлекеттер көчмөндөр оюндарын өткөзгөнгө кызыкдар.
Мен кичинекей кезимден бери спортту абдан жакшы көрөм, бүгүнкү күнгө чейин спорт залга машыкканы барып турам. Алтынчы класстан баштап классикалык күрөшкө катыштым. Кийин “кандидат в мастер спортко” чейин жеттим. Спорт бекем ден соолуктан тышкары адамдын эркин, кыялын калыптандырат, кыйынчылыктарды жеңгенге үйрөтөт. Кыргызстандын спортсмендеринин ийгилик жаратуусуна көп мүмкүнчүлүктөр бар. Эгерде мамлекет чоң каражат бөлүп, шарттарды түзүп, спорттун чеберлерине көңүл буруп турса биздин таланттуу жаштар көп ийгиликтерди жаратат деп ишенем. Кыргызстандын атын дүйнө жүзүнө таанытат. Өзгөчө жеке спорттун түрлөрү боюнча, ошол эле күрөш, бокс, штанга, ат майданында, бильярд жана башка ар кандай спорттун тармактарында.

Ашказанды тойгузган сыяктуу эле, рухказанды да тойгузуу керек
– Мен китеп көп окуганга аракет кылам. Азыр болсо казак элинин белгилүү жазуучусу Абди – Жамил Нурпеисовдун “Кан менен тер” деген китебин окуп жатам. Алыкул Осмоновдун белгилүү ыры бар эмеспи:

“Бар болгула, түгөнбөйлү, курдаштар,
Узак, узак, узак болсун бул сапар.
Кылым бүтүп, дүйнөдөн жок болсок да,
Кайра кайтып жолугушчу жолдор бар”.

Кыргыз, орус, казак адабиятына кызыгам, анткени биздин маданиятыбыз, тарыхыбыз жакын эмеспи. Музыкасыз жашоо кыйын деп ойлойм. Ачык айтканда ырга жокмун, бирок бийлегенди жакшы көрөм.
“Арамдан алыстабай туруп, Жаратканды жанымдан артык көрөм деген калп.Жакырларды жактырбай туруп, пайгамбарды жакшы көрөм деген калп”.
– Мусулман баласы болгондон кийин мусулмандарга таандык парздарды аткарганга аракет кылам. Намаз окуйм, кайрымдуулук кылам, тазалыкты сактайм, алдабайм, бирөөгө жамандык кылбайм. Көчөдө кайыр сурагандарга сөзсүз акча таштайм. Канча майда акчам болсо ошончо берем. Муктаж адамдарга, бей-бечараларга мүмкүнчүлүгүмө жараша жардам берген көп эле учурлар болот. Тамак-ашпы, кийим-кечеби же акча түрүндө болобу жардамымды аяган жан эмесмин. Мисалы, Панфилов районунда жетимдердин мектеби бар, ошол жерде менин жыл сайын жардам берип турган өзүмдүн классым бар. Быйыл ошол класска парталарын жаңыртып бердим. “Алгандын алаканы, бергендин жүрөгү толот” деген сөз бар. Жардам берүү байлыгыңды тең бөлүштүң дегендикке жатпайт. Колуңдагы нерсеге береке киргиздиң дегендик болуп саналат.

“Күйөө баланы пайгамбар сыйлаптыр”
– Кайын журтум жоош, жакшы кишилер, мени кой сойдуруп же башка жолдор менен деле сынашкан жок. Жаш кезимден эле сый-урмат көрүп келем. Ал эми кой сойгонду билем. Мал союп, аны устукандаганды таятам бала кезде үйрөткөн. Азыр деле үйгө эт келгенде кээде устукандап коем. Кыргыздын баласы болуп туруп муну билбей коюш уят.

Билим алууну бешиктен башта
– Балага берчү ата-эненин милдеттеринин эң башкысы билим. Баланы билим берип тарбияласа болот. Ага билим берип ыйманга чакырса болот. Ошол себептен мен балдарымдын билим алуусун жакшылап көзөмөлдөчүмүн. Балдарым жөнөкөй эле мектептерде окуган №70, №6, №24 мектеп гимназияларында билим алышкан. Менин оюмча, биздин мамлекетте билим берүү системасы көп жылдан бери аксап келе жатат. СССР тарагандан кийин мектептердин деңгээли аябай эле түштү, реформа деп жарыялап, болонский процессти баштап коюп дагы эле оңолбой жатабыз. Бирок менин оюмча азыркы жаштардын билимге жеке умтулуусу, аң-сезими өсүп келе жатат. Анын үстүндө тандоого дагы мүмкүнчүлүктөр бар. Кыргызча же орусча окуйбу, түркчө же англисче окуйбу, албетте ата-энесин чөнтөгүнө жараша. Биз дүйнө жүзүндөгү тажрыйбаны камтыган, жаңыланган кыргыздын билим системасына муктажбыз.

Тыгын жол көңүл иренжитет
– Менимче борборубуздун жолдорунда тыгын болбос үчүн биз чет өлкөдөн адистерди чакырып (анткени бизде андай адистер жокко тете) жол логистикасын алмаштырып, мүмкүнчүлүк болсо көчөлөрдү кеңейтип, жол тартибин сактап, эки кабаттуу жолдорду салышыбыз керек. Жолдо тыгын жок, алдыңда машинаң тың болсо айдагандан ырахат аласың. Менин эң биринчи машинем чоң атамдан калган “Запорожец” болчу, кийин “Жигули”, акырындап “БМВ” айдадым, азыр болсо “Тойота” айдайм. Жакшы машине жакшы аттай болот, көңүл ачат.

“Атанын малы балага мал болбойт”
– Атанын малы балага мал болбойт деген сөзгө толук кошулам, турмушта ушул макаланы далилдеген мисалдар көп кезиккен. Ошон үчүн балдарыма жогорку окуу жайын бүткөндөн кийин өзүңөрдүн камыңарды өзүңөр көргүлө, ата-эненин көзүн карабай өзүңөр акча тапкыла деп үйрөткөм.

Апамдын элесин, анын кеңешин унутпайм
– Менин жүрөгүмдө сакталган мен үчүн дүйнөдө эң кымбат акылман адам апам болчу. Көп сүйлөшүп, баа жеткис кеңешин берип, өмүрүмдү туура жолго салган, эсимден кетпеген апам. Жашоодо мен бир кудайдан корком, кудай балдарымдын жамандыгын көрсөтпөсүн, элибизде тынччылык, токчулук болсун деп тилейм.

Маектешкен Гүлмира ШАРШЕЕВА

Булак: Фабула

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 80 − 79 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: