Menu

Конституция – бардык жагынан оңдолсун!

Бөлүшүү:

Конституциябызга түзөтүү, толуктоолорду киргизүү керекпи же жокпу деген сөздөр чыгып, артынан дароо эле карама-каршы пикирлер пайда болуп, элибиз аны аңдап өзүнө сиңиргенче болбой ушул маселени талкуулаган чоң чогулуш өтүп, аракеттеги Конституциянын редакциясынын, коомдук талкуунун жүрүшүндө келип түшкөн сунуштарды жана сын-пикирлерди эске алуу менен жеткире иштелип чыккан жана КРнын Президенти А.Ш.Атамбаев колдоого алган редакциясынын (29.08.2016-ж.) салыштырма таблицасы деп эртеси эле “Эркин-Тоо” гезитине жарыяланды. Албетте, депутаттардын да коомдук талкууга катышып сын-пикир айтып, сунуштарын бергендерге, окумуштуу филологдордун тобунун комиссиясынын, менин кесиптештеримдин аракеттерине ыраазычылык билдирем. Убагында алгачкы Конституциябыз референдумга коюлуп, кабыл алынган кезден эле ушул маселеге арнап “Конституция кооз сөзгө муктаж эмес” (“Нуска” №6(18) февраль 1996-ж.), “Жаңы конституция жакшы тилде жазылыш керек” (“Кыргыз Руху” 23.04.2016-ж.) деген макалаларды жазган, 90-жылдардын башында Академиянын президиумунун алдындагы Терминкомдун ишин 4-5 жыл жетектеп, тилибизде өзгөчө терминология ишинде жүрүп жаткан процесске активдүү катышып, 40-50дөй макала жазып, талкууларды өткөрүп, чечимдерди чыгарып, аларды басма сөздөргө жарыялоону уюштуруп келген киши катары бул маселеден четте калбай, өз оюмду аз да болсо, билдирип койсом деген ойду кармадым. Ошол макалаларымда айтылган сунуш-пикирлеримдин айрымдары эске алынса да, бир катар маселелер ошол бойдон калганын колдонуудагы Конституциябызды окуганда байкадым. Эми ошолорду бир четинен айтып көрөлүчү. Биринчи эле статья деп берилчү жерлердин баарында берене деп турат. Бул туура эмес. Алыс барбай эле К.Юдахиндин “Кыргызча-орусча сөздүгүндөгү” берене дегенди карап көрсөк эле түшүнүктүү болот. Анда берене муз.лад; беренелүү 1.муз.имеющий лады, снабженный ладами; тогуз беренелүү с девятью ладами; 2.перен. прекрасный, чудесный деп турат. Казактарда да ушул эле мааниде перне 1.муз.лад (поперечные деления на графе струнных инструментов); домбыраның пернелери-лады домбры; домбырамды кагайын, сегиз перне еки ишек фольк. Заиграю на домбре, которая имеет две струны, восемь ладов 2.перен. нежное чувство, настроение. Анан бул кайдан барып статья деген терминди алмаштырып калды? Статья термини эчактан кыргыз, орус ж.б. тилдерде статья. Макала (гезиттик, журналдык) жана соттук, юридикалык документтерде жазылып, айтылып келди. Мис; 58-статья менен кесилди. Берене дегенди эч ким түшүнбөйт, түшүнбөй эле айтып жатабыз. ЖКтин күнүгө өтүп жаткан жыйналышында закондорго өзгөртүү, кошумча киргизүү жөнүндө талкууда берене деп кайра-кайра айтылып жатат. Ошондо бирөө берене деген эмне, көптөн бери эле ушуну айтып келатабыз деп сураса, ошол жерде отургандардын бирөө да жооп бере албайт го деп ойлойм. Ошон үчүн статья өзүнүн ордуна келиши керек. Тилди минтип өнүктүрбөйт. Бир катар статьяларда гарантияланат, гарантиялайт, гарантияланган, гарантиялар деп берилчү жердин баарына “кепилин алат”, “кепилдигин алат”, “кепилдиктер”, “кепилденет” деп берилген. Бул да туура эмес. Гарантия менен кепил функциялык жактан да, маанилик жактан да бири-бирин алмаштыра албайт. Гарантия “Кыргызча-орусча сөздүктө” гарантия, гарантияла, гарантиялан деп турбайбы. Ал эми кепил болсо ручательство, порука дегенди билдирет. Ошон үчүн гарантия өз ордунда колдонулушу керек. Администрациялык-аймактык деген жерлер административдик-территориялык деп кеткени туура болот. Админстративдик ведомстволук деген сыяктуу. Аймак түбү, теги боюнча моңголдордон келген сөз. Айыл аймагы дегенде айылдын тегерегиндеги эле жерлерди түшүнөбүз, ал эми территориясы дегенде ошол айылга караган жайлоо, кыштоолорун кошуп эсептеген жерлерин түшүнөбүз. Аймактын чек арасы жок. Аймак бул жерде биз үчүн табылга эмес. Эркин экономикалык зона дегенди да туура эмес эркин экономикалык аймак деп айттырып жатабыз. Конституциянын статьяларынын көп жеринде “ыйгарым укуктар”, “ыйгарым укуктарын”, “ыйгарым укуктары”, “ыйгарым укуктарынын” дегендер полномочиелер, полномочиелерин, полномочиелери, полномочиелеринин дегендердин ордуна берилген. “ыйгарым” ойдон чыгарылган термин. Кыргыз тилинде андай сөз жок. “Чрезвычайный и полномочный посол (представитель)” дегенди атайын жана толук укуктуу… же атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси (өкүлү) деп жазып келебиз. Андай болгондо толук эмес, жарым укуктуу элчибиз да барбы деген ой туулат. Полномочиедеги полно деген бөлүгүн көрүп алып, бул толук дегенди билдирет турбайбы дегенди түшүнүп алган бир акылманыбыз киргизген да. Полномочие, полномочиелүү өкүл деп кыргызча-орусча сөздүгүндө турбайбы. Ал эмес “Кыргыз тилинин орфографиялык сөздүгүндө” да берилген. Конституцияда жүргөн “финансы” (88-ст.), “финансылык” (36-ст.) деген терминдер башка бир жеринде каржыланган (33-ст.), каржылоо (88-110-ст.) болуп кеткен. Каржы деген араб тилинен келген чыгым, каражат деген эле сөз, ал эми финансы кенен, чоң түшүнүктү билдирет: финансыла, финансылоо, финансылык, финансы капиталы, финансы кризиси ж.б. Ошон үчүн бул жердеги каржы дегендердин баарын финансы менен алмаштырыш керек. Конституциянын 62-64-84-статьяларында талапкерлердин, талапкер, талапкерлерди, дегендер кандидатураларды, кандидат, кандидатты деп берилиши керек. Анткени орусчасында ошондой берилип жатат. Бизден башка өлкөлөрдүн Конституцияларында да ушундай 84-статьядан бир мисал алып көрөлү: Премьер-министрдин кызмат ордуна талапкер Өкмөттүн программасын, түзүмүн жана курамын Жогорку Кеңешке киргизет деп турат. Бул жерде аны “Премьер-министрдин кызмат ордуна кандидат Өкмөттүн программасын, структурасын жана курамын Жогорку Кеңешке киргизет”-деп берген туура болот. Талапкерлер бул претендент деген. Талапкер өзүн-өзү көрсөтөт. Өзү аракет кылып, ошого чыгат. Ал эми бул жерде анын кандидатурасын президент сунуш кылып жатат. Ушул жердеги жана башка статьялардагы “түзүм” деген сөздү мурункудай эле структура менен алмаштырыш керек. Ал эл аралык термин, бүт дүйнө аны колдонуп жатат. “Кыргызча-орусча сөздүгүбүздө” эчактан бери турат, колдонуп жатабыз. Дегеле кыргыз тилинде түзүм деген сөз жок, тизим деген бар. Бул ойдон чыгарылган сөз, казактарда да жок. Бир убакта биз алардын курам деген сөзүн, өзүбүздө жок болсо да, жоктон тапкансып, состав сөзүнүн ордуна албадыкпы. Бизде курам деген жок, курама бар. (курама темир, курама төшөк, курама команда). 64-статьянын 8-пунктунда “Президент Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы колбашчысы болуп саналат…” деп турат. Бул жерде кол башчы деп туура эмес көрсөтүлгөн. Анткени колбашчы полководец дегенди билдирет. Улуу Ата Мекендик согуштагы колбашчы-полководецтер деп Жуков, Рокосовский, Конев, Малиновский, Черняховский, Ватутин ж.б. айтып келбедикпи. Ал эми башкы командачы жолдош Сталин болбоду беле. Бул элементардык маселе. Бизде бүгүн башкы командачы – бул президент. Ошондуктан муну да оңдоп, башкы командачы деп кетириш керек. Эртең уят болобуз. Конституциянын 102-статьясында Судьялардын курултайы деп 2-3 жолу жазылган. Аны судьялардын съезди, съезддери деп берген туура. Жазуучулардын съезди, архитекторлордун съезди деген сыяктуу. Орус тилиндегисинде да ошондой Курултайды элдик курултай дегенге берсек болот, өткөрөбүз дегендердин өзүлөрү да ошондой айтып жүрүшөт. Курултай деген сөз-термин Юдахиндин, Карасаевдин сөздүктөрүндө жок. Конституциянын 6-40-76-97-101-статьяларында ченемдик укуктук актылары, ченемдери, ченемдерине, ченемдеринде, ченемдик деген сөздөр нормативдик-укуктук актылар, нормалары, нормативдик, нормаларында деп алмаштырылышы керек. Анткени биз жазуу, окуу, билим берүү ишибизде норма, норма менен, нормалдуу, нормалап деп колдонуп келдик. Сөздүктөрүбүздө да ошондой. Х.Карасаевдин “Орфографиялык сөздүгүндө” кырктан ашык сөз (норма, нормалдык, норматив, нормативдүү, норматика, нормативдик акт, нормалдык анатомия, нормалдык физиология, нормалдуу температура, нормалдуу потенциал) берилип жатпайбы. Ченем көбүнчө “мера” маанисинде ченемде, ченеп ич, ченемдеп жүр, ченемдесең деп колдонуп келебиз да. 64-74-статьяда… ардак наамдарын ыйгарат, ардактуу наамдарын уюштурат деп эки түрдүү кеткенин көрөбүз. Акыркы вариантта ардактуу деп берилген экен. Биз буга каршы эмеспиз. Бирок биз буга чейин турмушубузда Ардак грамота, Ардак такта, “Ардак белгиси ордени” деп айтып келдик. Кыргыз улуттук энциклопедиясынын жаңы басылган 1-томунда Ардак наамдар деп статья берилип, анда бул наам “Кыргыз Республикасынын Ардак наамдар жөнүндө жобо” президенттин жарлыгы менен бекитилгендиги көрсөтүлгөн. Эми Конституциянын жалпы тексттериндеги айрым сөздөрдүн туура эмес кеткендиги жөнүндө кыскача бир-эки ооз сөз менен айта кетели. Преамбуланын экинчи сүйлөмүндөгү “Тастыктап” деген сөз коомдук талкууда оңдолуп, “ырастап” болуп берилген экен. 40-статьянын 2-сүйлөмүндөгү… сотко чейинки усулдарын, түрлөрүн деген жери методдорун, формаларын деп оңдолуш керек. Усул дегендин ушул Конституцияга киргизилип калганын бир четинен таң каларлык иш деп айтсак болот. Ал эчак архаизмге өткөн сөз-термин катары баарыбызга белгилүү. Жүз жыл мурун метод деген термин келе электе жашап, кийин орун бошоткон. Методду усул, методиканы усулдук эле дейли, ал эми методологияны эмне кылабыз? Усулология дейбизби? Эми ушуга окшогондорду ой келди ойкуп-кайкыштын кереги бар беле? 4-статьянын 2-пунктундагы “саясий партиялар, кесиптик бирликтер” дегендеги кесиптик бирликтер профессионалдык союздар деп кеткени туура болот. Союздан качыштын кереги жок, профсоюз, журналисттер союзу, жазуучулар союзу деп күнүгө айтып жатпайбызбы. Бирликтер деп кыргыз айтпайт, бирдиктер дейт. К.К.Юдахиндин сөздүгүндө профессионалдык союз деп берилип турбайбы. Бүгүн биз Евробиримдик, Бажы биримдиги деп айтып жатканбызды көрөлүчү. Булар Евроэкономикалык союз, Таможнялык союз деп айтылышы керек болчу. Анткени таможня түбү кыргыз (түрк) тилинен чыккан сөз. Орустар муну эчактан бери жазып келишет. Ал эми бажы деген иран тилинен келген сөз; 1.пошлина, 2.малдан алынган салык деп “Кыргызча-орусча сөздүктө” жазылып турат. Бузуп, бурмалоодон мурун сөздүктү карап койсок болмок же мен туура эмес айтып жатамбы? Эгер ушуларды жана мында айтылгандарды Конституциябыздын тилинде оңдоп албасак, биздин кыйын көрүнүп жасап жаткан ишибиз тыйынга турбай калат. Орустар айтат го: “Гроша медного не стоит” деп. 77-статьянын акыркы 5-пунктунда “Жогорку Кеңештин чечимдери жыйналыштарда депутаттардын добуш берүүсү менен кабыл алынат жана токтомдор менен жол-жоболоштурулат” дегендеги эң аяккы сөзү оформить этилет деп берилиш керек. “Кыргызча-орусча сөздүктүн” 585-бетинде “оформить”, “оформить этүү” “оформить этилүү”, “оформить этилүүдө” деп берилип турат. 99-статьядагы … процесстин укуктары деген… процессуалдык укуктары деп кеткени туура болот. Орусчасында “процессуальные права” деп турат. “Орусча-кыргызча сөздүктө” процессуальный-процессуалдык, процессуалдык кодекс деп берилген. 41-беттеги 105-статьяда… Кыргыз Республикасындагы акча-насыя саясатын аныктайт… дегендеги жерди акча-кредиттик саясатты аныктайт деп кетиши керек. Анткени насыя деген карыз деген эле сөз, арабдардан келген. Кредит ареалы чоң, маанилүү термин. Кредит, кредиттик карточка, кредиттик линия, кредиттик рестрикция, кредиттик система, кредиттик келишим, кредитор, кредиттик бересе, карыз дегендерди кайда алып барабыз? Конституциянын орусчасында “денежно-кредитная политика…” деп турат. 97-статьянын 10-пунктунда… козголгон жарандардын даттануулары боюнча ар бир так учурда сот тарабынан аныкталат дегендеги так учурда дегенди конкреттүү учурда деп которсок туура болот. Орусчасында “… в каждом конкретном случае” – деп турат. 31-статьянын 4-пунктундагы “… кодулоого” деген сөздү “дискриминацияга …” деп оңдогон туура болот. Орусчасында “призывающая к дискриминации” деп берилген. Дискриминация, дискриминацияла, дискриминациялаган, дискриминацияланган, дискриминациялангандай, дискриминациялоо деп Юдахиндин, Карасаевдин сөздүктөрүндө жазылып, адабий тилибизде колдонулуп жатат. Кодулоонун мааниси бир топ башкача, 36-статьянын 2-пунктундагы ” … ички “руханий ” дегенди рухий деп өзгөртүш керек”. Көптөн бери биз аны ушундай жазып келебиз. Руханий менен рухийдин мааниси бирдей эмес. 17-статьядагы сүйлөмдүн аягындагы басмырлоо дегенди кемсинтүү сөзү менен алмаштыруу туура болот эле деп ойлойм. 74-95-97-статьяларда “Президенттин сунуштамасы, Омбудсмендин сунуштамасы дегенди” “сунушу ” же “берген сунушу боюнча” деп кеткени жакшы болор эле. Дегеле “сунуштама” , “сурама”, “тастыктама”, “буюртма”, “нускама”, “табыштама” деген сөз-терминдер кыргыз тилин байытпайт, ийкемдүү, жагымдуу кылбайт. Отоо чөп сыяктуу тилди булгагандан башка пайда жок. Сөздүктөрдү карап көрөлүчү, табылар бекен. 74-108-статьялардагы “Акыйкатчыны (Омбудсменди)” шайлайт, … Акыйкатчынын (Омбудсмендин) сунуштамасы менен, Акыйкатчы (Омбудсмен) жүргүзөт деген сөз айкалыштарын жөн эле Омбудсмен, Омбудсменди, Омбудсмендин деп Акыйкатчыны жармаштырбай эле бериш керек деп ойлойм. Омбудсмендин мааниси Акыйкатчыны толук билдирбейт. Дегеле ушуну жакшы көрүп бергибиз келсе, анда а дегенде Омбудсменди, андан кийин кашаага Акыйкатчыны берген туура болот. Баягы Юстиция министрлигин Адилет министрлиги дегендей эле болуп жатат. Омбудсмен жаңы термин, биздин эле эмес, орустардын сөздүктөрүнө да толук кире элек. Конституциянын 42-статьясында “…жыл сайын аны төлөнүүчү өргүү, ошондой эле эс алуу…” дегендеги өргүү биздин буга чейин жазып, колдонуп келген отпуск, отпусканын ордуна жазылган. Карап көрөлү, өргүү деген сөздү дагы эле ошол Юдахиндин, Карасаевдин сөздүктөрүнөн таппайбыз. “Кыргызча-орусча сөздүктө ” “өргү ” I то же, что өрүү I; Бүгүн тыныгып жатыңар, өргү болсун атыңар фольк. Сегодня вы пребывайте в покое, пусть кони ваши отдохнут. Өргү II, I. останавливаться на отдых, делать привал, днёвать. Жолго бир өргүп алгыла, в пути остановитесь раз на дневку десе, өрүү Iдеген отдых, остановка, днёвка төрт күн өрүү кылдык мы сделали четырехдневную остановку деп жатсак, эми ушуну отпуска дейбизби? Отпуск, отпуска, отпуске деген сөзүбүз эчактан бери тилибизде жашап, сөздүктөрүбүздө жазылып (декреттик отпуска, отпускеден келдим) турса, кайдагы бир башка түшүнүктөгү сөздү алышыбызга эмне зарылчылык болду? Ал эмес “Отпускада бир жүрсөк” деген обондуу ырыбыз эл ичинде жашап келбедиби. 20-29-113-статьяларды да кайра карап оңдой турган жерлери бар. Мисалы, 20-статьяда 3-пунктта кулчулукка, адамдарды соодалоого коюлган дегендеги аяккы сөздү “коюуга” деп берген туура болот. Ошол эле жердеги 5) пункттагы … эркиндигинен ажыратууга карата салынган” деген түшүнүксүз. Ал комиссия тарабынан “эркиндигинен ажыратууга ” деп туура оңдолгон. 28-статьянын 2-пунктунда “жоопкерчиликти белгилөөчү жазык мыйзамы окшоштук боюнча колдонулбайт” дегендеги окшоштук боюнчасынын ордуна аналогия боюнча деп бербесе түшүнүксүз болуп калат. Орусчасында … по аналогии не применяется” деп турат. 29-статьянын 4-пунктунда… адамдын жеке турмушу жөнүндө маалыматты укук ченемсиз жыйноодон… дегенде укук ченемсиз дегенди түшүнүүгө мүмкүн эмес. Орусчасында … от неправомерного сбора … деп турат. Аны укук ченемсиз деп баягы ченем дегенге алып барып байлап койгонбуз. Муну кайра карап чыгыш керек. 85-86-87-статьялардагы “… Өкмөттү кызматынан, …Өкмөттүн кызматтан.., Өкмөт кызматтан.., Премьер министрдин кызматтан…” деген жердеги кызматтан сөздөрүнүн баарынын ордуна “отставкага” деп жазуу туура болот, орусча вариантында ошондой жазылып турат. Отставка деген термин сөзүбүздөн бүгүн качууга эч себеп жок. Сөздүктүрүбүздө турат. Колдонуп жатабыз, аны алмаштырууга аракет да кылбашыбыз керек”. “Кыргызча-орусча сөздүктө” отставкага чыкты, отставкага кетти, отставкадагы полковник ж.б. деп берилип турат. Башка өлкөлөрдүн Конституциясында да ушундай берилет. Дагы бир көңүлгө алчу бир-эки маселеге кайрыла кетели. 57-статьяда “Адвокаттардын өзүн-өзү башкаруучу кесиптик жамааты катары…” дегендеги кесиптик жамаатынын ордуна профессионалдуу коомчулугу деп берген алда канча өз маанисине жакын болор эле. Орусчасында… как самоуправляемого профессионального сообщества деп турат. 104-статьянын 2-пунктунда “изин суутпай издөөнү тергөөнү жүзөгө ашыруучу… ” дегенди “изин суутпай, оперативдүү издөөнү, тергөөнү…” деп берген туура болмок. Орусчасында… оперативно-розыскную деятельность, следствие деп турат. Ошону үчүн оперативдүү деген кошулуп берилип жатат. Бери дегенде биз аны 60-70-жылдай тилибизде пайдаланып (оперативдүү, оперативдүү иш, оперативдүүлүк, оперуполномочени ж.б.) келдик. Бул эл аралык термин 113-статьянын 3-пунктундагы “…жергиликтүү жамааттын алдында өз ишинин натыйжасы үчүн…” дегендеги жамааттын соңунан дароо кашаага коомчулуктун деп берилсе алда канча түшүнүктүү болмок. Анткени жамаат дегенди биз коллективдин ордуна, акылмандуулук менен айтып, жазып жатпайбызбы. Жамаат, жамият, жамаат дегендер бир эле маанидеги коом, община дегенди билдирген араб сөзү. Аны кээ бирибиз жамаат деп айтып оозду ачырып жатканыбыз калппы? Кыргыз тилин өнүктүрүп, байытып жаткан тил бузарларды ээрчип, коллектив, адрес, процент, гарантия ж.б. терминдерди айтпай жатканыбыз биздин болуп көрбөгөндөй “эң чоң жетишкендиктерибиздин бири” деп айтсак болот… Кандай кылганда да, ар бир ишти, айрыкча ушул негизги законубузду адабий тилдин нормасында элге жеткиликтүү сапатта даярдайлы. Конституция деп айтып жазып жаткандан кийин Баш мыйзам, баш мыйзам деп эле балпылдата бериштин эч кажети жок го дейбиз. Баш мыйзам деген мурунку заманда Конституция деп алдына кашаага алып “Негизги закон” деп берчү элек го. Мына, ошону билдирет. Конституция деген конституция аны башка сөз менен алмаштырууга болбойт. Конституциябыз бардык жагынан жакшы болсо экен дейли.

Четин Жумагулов, КРнын илим жана техника жаатындагы мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты, окумуштуу, тилчи, терминолог, түрколог.

Булак: Фабула

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 2 + 7 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: