Menu

Парламент: Коалицияга жик түштү

Бөлүшүү:

Жайкы тыныгуудан келген парламенттин иши башталганда эле чыр менен коштолуп, башкаруучу коалиция аз жерден тарап кете жаздады. Жай бою бук болуп, ээликкен депутаттар акыры кызуу талаш-тартыш, бири-бирин жөөлөгөн, айыптаган сөздөрдөн соң коалициялык көпчүлүктүн лидерин шайлап, бас-бас болду. Бирок алдыда эң оор маселе – Баш мыйзамды өзгөртүү маселеси тургандыктан коалицияга кирген фракциялар лидер шайлоо менен эле ымалага келип калган жок.

Шаршемби күнү парламенттеги талашка баягы эле Баш мыйзам маселеси себеп болду. Жыйын башталганда эле КСДП лидери Иса Өмүркулов коалициядагы өнөктөшү – “Ата Мекен” фракциясынын депутаттары башкаруучу көпчүлүктө турганына карабай бийликти сындап жатканын айтып, аларды курамдан чыгып кетүүгө чакырды. Андан ары ал чыгып кетчүлөрдүн тизмесине “Өнүгүү-Прогресс” фракциясын да кошту. Буга дароо ал фракция лидерлери жооп кылып, Өмүрбек Текебаев коалициядан чыкпасын, бирок Баш мыйзамды өзгөртүүгө каршы позициясынан тайбасын айтып чыкты. Талашты депутаттардын кайым айтышуулары коштоду.

Коалициядагы мындай ырк келишпестик парламенттик оппозиция саналган “Республика — Ата Журт” жана “Бир Бол” фракцияларына майдай жага берди окшойт. “Республика – Ата Журттун” лидери Өмүрбек Бабанов коалиция таркаса жаңы биримдик боюнча сүйлөшүүлөргө даярдыгын дароо айтып чыкты.

Кырчылдашкан кайым айтышуулар коалициядагы фракция лидерлерин жабык жыйынга чогулууга аргасыз кылды. Анын арты менен “Кыргызстан” фракциясынын башчысы Канат Исаев көпчүлүк коалициянын лидерлигине келди. Бул орун Чыныбай Турсунбеков спикерликке шайлангандан бери бош турган эле. Былтыр куралган коалициянын курамына КСДП, “Кыргызстан”, “Өнүгүү-Прогресс” жана “Ата Мекен” фракциялары кирет.

Дагы бир талаш маселеге – Жогорку Кеңештеги эң маанилүү саналган Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери боюнча комитет башчысын шайлоого депутаттар бейшембиде чекит койду. Бул орунга 72 добуш менен  КСДПчы депутат Асел Кодуранова шайланды. Атаандашы – «Өнүгүү – Прогресс» фракциясынын өкүлү Тынчтык Шайназаров 46 добуш менен калып калды. Баш мыйзамды өзгөртүү маселеси турганда бул таасирдүү комитеттин башчылыгына ким келиши да маанилүү болуп турган.

Канткен менен көпчүлүк коалициядагы “Ата Мекен” фракциясы баш мыйзамды өзгөртүү сунушуна каршылыгынан кайтпашы алдыда кырдаалды дагы курчутуп, кызыл чеке талаш-тартыштарга алып келчүдөй. Бул талаш эми эки лидердин: прзеидент Атамбаев менен “Ата Мекендин” төрагасы Текебаевдин тирешине айланды окшойт. Кечээ да Текебаев Атамбаевди айыптаган билдирүүлөрдү жасап чыгышы буга далил. Бул тиреш кандай аяктарын азыр кыйынмын деген серепчилер да боолгой албай турушат.

Шамил Эрболов                 

Булак: Де-Факто               

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 3

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: