Menu

Азимбек Бекназаров, экс-Генпрокурор: “Алмаз Атамбаев ичкенден кийин 10 күндөй тазаланат, анан кайра жумушка келет. Катар-катары менен мейман күттү…”

Бөлүшүү:

Орустун белгилүү саясий изилдөөчүсү А. Дубнов өз сөзүндө БУУнун башкы ассамблеясына бара жаткан Алмазбек Атамбаевдин ооруп калганын «дипломатиялык оору» деп атады. Сиз Дубновдун сын пикирин кандай кабыл алдыңыз?

– Орустун аналитиктеринин азыр айтып жатканын беш жыл мурун эле айтпадым беле. Алмазбек Атамбаевдин ден-соолугун жакшы билген адам катары “ооба бул саясый оору” деп айтканым чын. Алмазбек ичкенден кийин он күндөй тазаланат, анан кайра жумушка келет. Катар-катары менен мейман күттү, көчмөндөр оюндарын өткөрдү, 31-августта болсо тарыхый сөздөрдү сүйлөдү. Анын баары эле ден-соолугуна зыянын тийгизди да. Президентибизге ден-соолук тилейм. Ажобуз ден-соолугу чың болуп али алдыдагы нечен-нечен саясый иштерге аралашып, атаандаштары менен алышып, камачусун камашы зарыл. Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрүн камап, жоопко тартышы абзел. Кадыржанды кое бергендерди аныктап, жазасын берүү иши да турат. Мунун баары үчүн Атамбаевдин биринчи кезекте ден-соолугу чың болбосо болбойт.

Булак: “Жаңы ордо”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 36 − = 31

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: