Menu

Улукман Маматов, эркин күрөш боюнча Кыргызстандын 4 жолку чемпиону: “Олимпиада оюндарында ийгилик жаратмайынча спортту таштабайм”

Бөлүшүү:

Өлкөбүз таланттуу, келечеги кең спортчулардан кур эмес. Бүгүнкү каарманыбыз эркин күрөш боюнча Кыргызстандын 4 жолку чемпиону, 2013-жылы Дүйнөлүк рейтингде мыкты балбандардын арасында 10-катарда турган, Эл аралык класстагы спорт чебери Улукман Маматов “спортчуларга жакшы шарт, чет өлкөдө машыгууга мыкты мүмкүнчүлүктөр түзүлсө кыргыз спортунун келечеги бар” дейт. Анда алдыда Олимпиада оюндарына катышып ийгиликке жетмейинче спорттон кетпейм деген Улукман кыргыз спортунун күңгөй-тескейи, спортко кантип азгырылып калганы тууралуу кеп салат.

— Улукман маегибизди спортко кантип келип калганыңдан баштасак?

— Мен спорт ааламына 11 жашымда келдим. Менден улуу Баатыр деген бир тууган байкем бар. Ал спорттун эркин күрөш түрү менен машыкчу. Аганы көрүп ини өсөт дейт эмеспи, андан үлгү алып жүрүп, аны менен машыгуучу спорт залына ээрчип барып жүрүп эле кызыгып кеткем. Өзүм Бишкек шаарындагы Ак-Өргө жаңы конушунда окуп, өстүм. Ошол жактагы машыгуучу залда машыктым. Мен эркин күрөш менен машыгып баштагандан бир жума өтпөй эле биринчи жолу мелдешке чыгарышкан. Ал мелдештен 3-орунду берип, диплом, медаль менен сыйландым. Бул жеңиш мага спортко кызыгуума чоң стимул болду окшойт. Биринчи машыктыруучум Анарбек Усенканов менен Азамат Асанбеков агайлар болушту. Азыр деле ушул агайлардын кол алдында машыгам. Эркин күрөш менен машыкканыма 13 жыл болуптур, негизи башында спортто мынча жыл кармалам деп ойлогон эмесмин. Көрсө спорт да өзүнчө кумар турбайбы. Бир даамын татып алгандан кийин аны таштоо кыйын экен. Бала кезимде мектепти бүтсөм, жогорку окуу жайга тапшырып илимпоз болом дечүмүн.

— Көпчүлүк спортчулар биринчи орунга машыгууну, экинчи орунга окуусун коюшат экен. Сенин оюңча кандай болушу керек?

— Албетте спортчу үчүн биринчи орунда машыгуусу, спорттогу карьерасы турат. Бирок билим алууну да аксатпашы керек деп ойлойм. Кээде окуу менен машыгууну айкалыштыра албай каласың. Анткени спортчулардын көбү чет өлкөдө, аймактарда машыгууда көп жүрүшөт. Ошондуктан балким айрымдар жетише албай жаткандыр. Мен окуган окуу жайдын атынан көп эле мелдештерге катышып намысын коргоп жүрдүм. Кээде мугалимдер да биздин абалды түшүнүп сессияларда, модуль бергенде жардам берип коюшат. Өзүм Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университетинин алдында транспорт жана коммуникация институтун бүтүргөм.

— Спортто 13 жыл жүрүп эмне таптың?

— Көп мамлекеттерди кыдырдым, чет элдин жашоосун көрдүм. Өзүмдү Эл аралык мелдештерде сынап, бир топ ийгиликке жеттим десем болот. Парижде өткөн Эл аралык мелдеште 3-орунду алгам, 2013-жылы Индияда өткөн Азия чемпиондугунда коло медалдын ээси болдум. Казакстанда өткөн Динмухамед Кунаев атындагы Эл аралык мелдеште 3-орунду, Арменияда өткөн Степан Саркисян атындагы мелдеште 2013-жылы 2-орунду, ал эми 2015-жылы 3-орунду алдым. Бразилияда өткөн Олимпиада оюндарына катышуу башкы кыялым болчу. Тилекке каршы Лас-Вегас шаарында Олимпиадага лицензия алчу мелдеште жаракат алып күрөшпөй калдым. Үч ай ден-соолугумду калыбына келтирип жаттым. Андан соң лицензия алчу Түркияда өтө турган дагы бир Эл аралык мелдешке даярданып Орусияда машыгууда жүргөндө колумду кокустатып, ал жакка да барбай калдым. Муну менен менин спортко болгон көңүлүм сууп калган жок. Спортто ийгиликтер менен кошо ийгиликсиз күндөр да болуп турат. Андыктан бул сыноолор мени тескерсинче чыңалтты. Учурда кызуу машыгуудамын. Олимпиада оюндарында ийгилик жаратмайынча спортту таштабайм.

— Спортчулар жеңилгенде катуу депрессия болушат дейт, сен бул илдетти кантип жеңгенсиң?

— Ооба андай учурлар болот. Азыркы мезгилде көп спортчулардын жеңишин калыстар да чечип коюшат. Өкүнгөнүм, 2012-жылы Таиландда өткөн Дүйнөлүк чемпионатта күрөшүү маалында акыркы раундда менин атаандашыма жок жерден бал берип койгон. Аны утсам коло медаль үчүн армениялык балбан менен кез келмекмин. Ошондо калыстын жөн жерден эле бал берип койгонуна ичим ачышып жаман болгонмун. 5 мүнөт “видеону кайра түрдүрүп карагыла” деп килемди бошотпой отуруп алганмын. Бирок калыстар карабай коюшту. Ошол Дүйнөлүк чемпионатта коло медаль алган армениялык балбанды кийин мен бир айга жетпей башка мелдеште утуп алдым. Ушундай кырдаалда калыстар адилетсиздик кылса албетте капа болосуң. Бирок мунун баарын кайра эле күрөшүп, калыстарды кошо жеңип ийгиликке жетиш керек деп ойлойм.

— Чет өлкөгө машыгууга көп жолу чыгыптырсың, башка өлкө менен биздин өлкөнүн спортко болгон мамилесинде айырмачылыктар болсо керек?

— Ооба, айырмачылыктар бар. Биздин спортчуларга витамин жетишсиз. Өзүңүздөр билгендей Эл аралык мелдештерге чыкканда салмак кууйбуз, ошонун айынан эртеси калыбыңа келе албай шалдырап мелдешке чыгасың. Ал эми башка өлкөлөрдүн спортчуларынын фармакологиялык жактан камсыздоосу мыкты, ошондуктан алардын спортчулары бат калыбына келишет. Биздин мамлекет да дүйнөлүк мелдештерди өткөргөнгө шарт болсо өсчү балдарыбыз көп.

— Сен үлгү алган, кумир туткан балбандар кимдер?

— Чынын айтсам кумирим деле жок, өзүмө дүйнөлүк аренада күрөшкөн Бувайсар Сайтиев, Жордан Барроуздун, ал эми биздикилерден Кенжебек Өмүралиев агайдын күрөшкөндөрү жагат. Алардын күрөшкөн видеолорун көрүп техникасына, ыкмаларына суктанам.

— Олимпиадада жеңүү үчүн биздин спортчуларга эмне керек?

— Спортчунун каалоосу күчтүү болушу керек. Анан экинчи орунда албетте мамлекеттин камсыздоосу зарыл. Эркин күрөш профессионалдык спорт түрү болгондуктан биздин өлкө эркин күрөшкө бөлгөн каражат Олимпиада оюндарын, Дүйнөлүк чемпионаттарды утууга аздык кылат деп ойлойм.

— Атаандаштык болбосо өсүү болбойт дешет, спортто да атаандаштык болуп турса керек? Сенин Кыргызстандагы атаандаштарың да күчтүү болсо керек?

— Бизде башка өлкөлөргө салыштырмалуу атаандаштык өтө күчтүү эмес. Буга чейин Пекиндеги Олимпиада оюндарында 5-орунду алган Базар Базаргуруев менен атаандашып келчүбүз, экөөбүз көп жолу күрөштүк, кээде бирибиз жеңсек, экинчибиз жеңилебиз.

— Кепти жеке жашооңо бурсак? Кичи мекениң, ата-тегиң, үй-бүлөң тууралуу айтып кетсең?

— Бишкекте чоңойгонум менен түбүм Алайдан болот. Баргы деген ууруданмын. Үй-бүлөдө 4 бир тууганбыз, эки байкем, эжем бар. Мен эң кичүүсүмүн. Ата-энем спортто жараткан ар бир ийгилигиме кубанып, керек учурда башкы демөөрчүм да болуп турушат. Айрыкча улуу байкем мага моралдык да, материалдык да көп колдоо көрсөттү.

Б.Болотбек кызы

Булак: “Жаңы ордо”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 1 + 7 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: