Menu

Зарылбек Рысалиев, экс-министр: “Кожобек Рыспаев Ош базарда манты менен пиво саткан пенде да, деңгээли ошол боюнча калыптыр”

Бөлүшүү:

— Зарылбек мырза, Роза апчеңиз тууралуу үн катпай атасың, өңгөсү болбосо да сен үн катышың керек эле?

— Биздин Роза апчебиз көрөрман, кээ бир адамдардан акылы өйдө, өзүн-өзү кармай биле алган, айта турган сөзүн айтчу жерде айта тургандардын бири. Эгер 31-август күнү жооп бере турган болсо, ошо жерде эле жооп бермек. Биздин апчебиз теңелген жок. Кыргыз элинин тынчтыгы, ынтымагы тиги эки адамдын амбициясынынан жогору турарын далилдеди деп ойлойм. Ошончолук эле чектен чыгып бараткан иш болсо, бизди чакырып алып жыйын куруп, “бул жагдайга кандай карайсыңар?” дейт эле. Биз ошондо айтчубузду айтмакпыз. Биз Роза Исаковнаны аябай сыйлайбыз, токтоолугу, сабырдуулугуна чек жок, бүгүнкү мен-мен деген кыйын саясатчылардан баардык жагынан өйдө турарын дагы бир ирет даңазалап койду. Таластыктар Роза эже менен сыймыктанабыз. Апчеңерди колдобой атасыңар деген суу кечпеген кеп. Биз болгону Роза Исаковнадан мурун сөз сүйлөп көргөн адам эмеспиз.

— Мародерлор боюнча эмне айта аласың?

— Бүгүнкү күндө КТРден илгерки записти, мындан эки жыл мурдагы  сүйлөгөндөрүмдү берип атышат. Ошондо азыркы ГКНБнын башчысы Атамбаевдин пресс-катчысы болчу, ал жигитке барып, “мен тарткан тасмаларды көрүп койгулачы” дегем. Бүгүнкү омбудсмен Кубат Оторбаев анда КТРди жетектеп турган. “Ой ордого” алып чык. Мени чакыр, Текебаевди чакыр. Эгер ушунчалык эле керек болсо чоң молдону чакыр, Куранын ала келсин. Текебаев өзү тараптан күйөрмандарын ала келсин. Сотту, прокуратураны кошо чакыргыла. Ошол жерден Куран кармап сүйлөшөлү, дагы керек болсо бала-бакырага карганып берели. Мародерство деген жакшы болбой калды. Элге шерменде болуп атабыз. 2-3 жылдан бери аягына чыкпай жатабыз. Анын ичинде менин сөздөрүмдү калпка чыгарып койду. Давай, ушуну бүтүрүп коелу” деп баргам. “Ой ордону” бергиле. Бир күн жетпесе эки, ал да жетпесе үч күн бергиле. Кимибиз чын, кимибиз калп экенибизди элге жеткизели. Чыныгы мародерду эл билсин” дегем. Оторбаев бербей койгон. Анткени, Кубат кайсы бир жактын кызыкчылыгын коргогон адам эле.

— А бирок сен ким мародер экенин билесиң да?

— Билем. Бул далилденип бүткөн иш. Мародерлук боюнча бир айдын ичинде баардыгын орду-орду менен териштирип, сотточусун соттоп, отургузчусун отургузуп койсо болот. Курманбек Осмонов деген кандай киши, Жогорку сотто, прокуратурада иштеген, юристтердин атасы деп койсом болот, өтө сак киши. Артында балдары чоңоюп келатат. Алардын келечеги бар. Депутат болуп турганда мародерлук комиссиянын төрагасы болгон. Жарандык позициясын карманып туруп, “Текебаев, Болот Шердин тиешеси бар. Райхан Төлөгөнов менен Турат Мадылбеков толугу менен күнөөлүү” деген. Курманбек агабыздын бул айткандарын жокко чыгарган КСДПчы Кожобек Рыспаев “атамекенчилер” жакка ооп кеткен. Эгер Кожобектин жарандык позициясы, уяты өйдөрөөк болгондо  кол көтөрүп ооп кетпегенде иштин баары башкача болмок. Азыр да “Текебаевди  урматтайм, сыйлайм” деп жапалактап, “дүжүр” депутат болуп калганынан кабар берип турат. Мен Кожобек Рыспаевге айтат элем: “Эй досум, “дүжүр” депутат болуп калдың. Тарт артка! Токтот андай ишиңди! Сен деген атанын уулусуң! Сени жигит дейт. Бир жолу элдин кызыкчылыгы эмес, бирөөлөрдүн кызыкчылыгын коргоп, сатылып кеттиң. Мындай иттик ишти токтот!” демекмин. Тилекке каршы, Кожобек өмүр бою Ош базарда манты менен пиво саткан пенде да, деңгээли ошол “соодагерчилик” боюнча калыптыр.

— Текебаев “мен мародер эмесмин, КСДПчы Мээрбек Мискенбаев мародер!” деп атат. Буга кандай карайсың?

— Текебаев президенттин айланасында азуусу жок адамдар курчап алганын билет. Эгер Текебаевге курчураак бирөө туруп, “эй, көзүңдү ач!” деп катуурак айтса, анда сөздөрү башкача чыкмак. Текебаев бүгүн эч кимден коркпойт, эч кимди сезбейт. Бу киши партийный коррупционердин чоң атасы болуп атпайбы. Коррупционер – эч бир мыйзамдан коркпойт, уруп ойнобойт. Жеке кызыкчылыктары биринчи орунда турат. Буларды физически гана жоготуш керек! Атыш керек, уничтожать этиш керек! Ошондо гана биздин коом оңолот.

Сурат Жылкычиев,

Булак: “Азия ньюс”

 

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 7 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: