-Өмүрбек байке, сиз Текебаев жетектеген “Ата-Мекен” партиясы 2010-жылы россиялык бир компаниядан “Мегакомду” силерге алып беребиз деген убада менен 1 миллион доллар акча алып, парламенттик шайлоого пайдаланганын, бирок, кийин убадасын да аткарбай, акчасын да кайтарбай койгонун айттыңыз эле. Текебаев аны сотко берем дейт го?
Мына, депутат катары айтып коеюн, «Мегакомду» мамлекетке толук алып, анан силерге беребиз»- деп Текебаев Москвалык бир компаниядан 1 миллион доллар алган. Ошол «Мегафондун» кишилери менен Текебаевдин кабинетинде жолугушканбыз. Мен «Мегаком» боюнча депутаттык комисиясынын төрагасы элем. Андан кийин «Мажор» деген кафеде отуруп, Чотонов кечирим сураган: «Өмүрбек байке, кечирип коюңуз. Мен бир аз туура эмес айтып коюпмун. Ооба, 1 миллион доллар алганбыз. Партиянын ишине жумшаганбыз», -деп азыркы Адилет министри Алмамбет Шыкмаматовдун көзүнчө айткан. Адилет министри азыр албетте танат да, Текебаев аны министр кылып атса. Ооба, муну жазган силердин гезитти жана мени сотко берип акча утуп алам деп аракеттенүүдө. Мүмкүн азыр Текебаев чоң кызматта турганда соттон утуп алаар, а бирок кудайдын, чындыктын жана элдин сотунда эч качан ута албайт.
Маектешкен Адилет АЙТИКЕЕВ
Булак: “Алиби” гезити
13.11.2012.
PS. Бизге жеткен маалыматтар боюнча боюнча азыр экс-атамекенчи депутат Өмүрбек Абдрахманов эгер УКМК ушул иш боюнча иликтөө баштаса көрсөтмө берүүгө даяр имиш. “Бир “дракондон” кутула албай жатсак, экинчи “дракон” бийликке жулунуп жатат” деп ызырынып жүрүптүр.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ