Menu

Кадыржанды кармай албаган кыргыз бийлигинин кадыры барбы?

Бөлүшүү:

Бул жакта эски достор ырылдашып “Кадыржанды  мен эмес сен чыгаргансың, ал кабыл алган, бул кабыл алган, ошол иштешкен” деп бирин-бири кокодон алып, кылмыш ишин козгоп жатса, кыргыз менен өзбекти кагыштырган сепаратист, кыргыз соттору сыртынан өмүр бою эркинен ажыраткан, биздин из кубарлар ушул кезге чейин издеп таба албай, издөөгө берген Кадыржан Батыров 20-сентябрда ЕККУнун Варшавада өткөн жыйынында сөз сүйлөп олтурат. Ал жерде дагы өзүнүн ак экенин айтып, кыргыздар куугунтуктап жатканын, ага карата жаңы кылмыш ишинин ачылганына нааразы болуп, бүтүндөй дүйнөгө бизди адам укугун сыйлабаган өлкө катары жаманатты кылып көрсөттү. Өзүн мыкты саясатчы экенин далилдегиси келип, Конституцияны өзгөртүүгө каршы сөз айтып, ички саясатка чейин саймедиреди. Кыргыз бийлигинин кылыгына кыжырың кайнаса, бир туруп күлкүң келет да. Издөөдө деп алты жылдан бери ит менен издесе да таппай жүргөн Кадыржан өздөрүнө сын айтып олтурбайбы. Болгондо дагы ЕККУнун жыйынында. Бул кыргыз бийлигин шерменде кылганы эмей эмине? Оппозицияны “оптом” камоого аракет кылгандар Кадыржанды эмнеге кармап келе албайт? Аны кармап келсек кылыктын баары кылт этип чыгып калат да, көргөн күнүбүз бүтөт деп коркушабы? ЕККУнун босогосун өмүр бою эркинен ажырап соттолгон сепаратист адам эмес, кээ бир дипломаттар да аттай алышпайт да.  ЕККУ Батыровду ээн-эркин жыйынында сүйлөтүп жатканы, кыргыз бийлигин тааныбагандыгынын белгиси эмеспи? Сепаратистти ким чыгарып жиберген деп кырылышпай тополоңдун башкы күнөөкү Кадыржанды кармап келип, чындыктын баарын чыркырата бербеген кыргыз бийлиги аман эле болсун.

Булак: Жаңы Ордо

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 70 + = 71

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: