Menu

Чолпон Жакупова, ЖКнын депутаты: “Мунун баары президенттин аппаратынын начар иштегенинин белгиси”

Бөлүшүү:

Орустун белгилүү саясий изилдөөчүсү А. Дубнов өз сөзүндө БУУнун башкы ассамблеясына бара жаткан Алмазбек Атамбаевдин ооруп калганын «дипломатиялык оору» деп атады. Сиз Дубновдун сын пикирин кандай кабыл алдыңыз?

– Биринчиден россиялык аналитик Аркадий Дубнов президенттин ассамблеяга барбай калуусун “дипломатиялык оору” деп жазды. Президенттин ден-соолугу тууралуу маалыматтардын баарын биз социалдык баракчалардан, ар кандай сайттардан окуп жаттык. Биринчи Эл аралык сайттардан анан Түрк басылмаларынан көрүп жатканда гана президенттин аппараты маалымат берип жатат. Аппарат кызматкерлери президенттин абалы тууралуу биринчилерден болуп бизге эмне болуп жатканын, доктурлар эмне аныктама койгонун маалымат берсе болмок. Депутаттар, жалпы кыргыз калкы президент чын эле ооруканада жатабы же “Шератон” деген популярдуу мейманканада эс алып жатабы толук билбей жаттык, мунун баары президенттин аппаратынын начар иштегенинин белгиси. Анткени биз бюджеттен толугу менен президенттин аппаратын акча каражаты менен камсыздайбыз. Президенттин институнун баардык иштерин аппарат бүтүрүшү зарыл. Президент деген жөнөкөй саясатчы киши эмес, бул деген мамлекет башчысы, башкы командачы. Президенттин абалы бул деген улуттук коопсуздук. Ошондуктан качан эл президенттин абалы эмне болуп жатканын Эл аралык маалымат булактарынан ала баштаганда гана аппарат башчысынын жөн гана сүйлөгөнү расмий документ болуп бербейт. Чыныгы расмий маалымат жок болгондуктан айланабыздагы адамдар ар кандай кептерди, ушактарды чыгара бериши мүмкүн. Президент тезинен сакайып келип аппаратынын ишин жөнгө салбаса, ушундай баш аламандыктар улана берет.

Булак: Жаңы Ордо

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 43 − 37 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: